Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Грузияда оппозициялык партия парламенттен чыгарын жарыялады


"Бирдиктүү улуттук кыймыл" жана "Өзгөрүүлөр үчүн коалиция" блокторунун төрагалары Тина Бокучава менен Ника Гварамия.
"Бирдиктүү улуттук кыймыл" жана "Өзгөрүүлөр үчүн коалиция" блокторунун төрагалары Тина Бокучава менен Ника Гварамия.

Грузиядагы европачыл оппозиция мандат алуудан баш тартып, жаңы парламенттен чыгып кетти. Муну менен алар 26-октябрда өткөн талаштуу парламенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартышууда. Алардын эсебинде добуш берүү жапырт мыйзам бузуулар менен коштолуп, Орусиянын кийлигишүүсү менен өткөн. Ал шайлоодо Москваны жактаган "Грузин кыялы" партиясы добуштардын 54% алып, жеңгенин жарыялаган. Бул партия 12 жылдан бери бийликти эч кимге бербей келет.

Октябрдын соңунан бери оппозиция Тбилисиде буга каршылыгын билдирип, күн сайын ири нааразылык акцияларын уюштуруп жатат.

Оппозициядагы эки негизги - "Бирдиктүү улуттук кыймыл" жана "Өзгөрүүлөр үчүн коалиция" блокторунун өкүлдөрү 12-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына доо арыз менен кайрылып, партиялык тизмелерин жокко чыгарууну талап кылышты.

"Бирдиктүү улуттук кыймылдын атынан биз бул шайлоону тааныбай турганыбызды жана депутаттык мандаттарыбыздан баш тартарыбызды билдиребиз. Парламенттик тизмедеги ар бир адам бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясына кат жолдоп, бир да талапкер катталбашы керек экенин талап кылдык", - деди "Бирдиктүү улуттук кыймылдын" башчысы Тина Бокучава.

"Грузин кыялы" партиясы конституциялык сотко кайрыларын билдирип, айрым партияларды чыккынчылыкка айыптады.

Грузия өткөн жылы Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер макамын алган. Бирок бийликтин "чет элдик агент", ЛГБТга каршы мыйзамдарды кабыл алышы Брюссел менен Вашингтондун кыжырын келтирип, мамлекет "демократиядан оолактап баратат" деп сындашты.

Шерине

XS
SM
MD
LG