Баткен: Жасалма мөңгү тоңдурган элеттиктер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Климаттын өзгөрүүсүнөн, кургакчылыктан улам сугат мезгилинде суу таңкыстыгы күчөдү. Ал эми өлкөнүн түштүк аймактарында, Фергана өрөөнүндө суу маселеси мурдатан эле курч көйгөй. Баткендиктер суу таңкыстыгын чечүү, жайытты жакшыртуу, кайрак жерлерге суу жеткирүү үчүн бир топ жылгаларга жасалма мөңгү тоңдуруп жатышат.