Тергөө абагындагы Ташов кыйноого кабылганы боюнча прокуратурага арызданды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жакынкы Чыгыштагы абал Эр-Риядда Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде талкууланды. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Эки мамлекет” планын илгерилетүү боюнча эл аралык аракеттерди колдоону сунуш кылды. Маданият министрлиги көз карандысыз Next TV телеканалын текшере баштады. Министрлик азырынча мыйзам бузуу аныктала электигин билдирди. Тергөө абагында жаткан ишкер Имамидин Ташов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине чара көрүүнү өтүнүп, Башкы прокуратурага арыз жазды. Атайын кызмат комментарий бере элек.