Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Аталган мыйзамдын максаты - жумуш берүүчүнүн жана кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын кол алдындагы кызматкердин өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчилигин камсыздоо жана ал боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу болуп эсептелет.
Мамлекет башчы кол койгон мыйзам менен кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчү жана кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдар мыйзам талаптарын бузуп, аларга кенемте төлөбөгөн учурда айып пул салынат. Айып пулдун өлчөмү жеке адамдар үчүн 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө болот.
Мыйзам быйыл 2-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Кыргызстанда кооптуу тармактарда иштеп жүрүп, кырсыкка кабылган жумушчулардын окуялары көп катталат. Жумуш берүүчүлөр аларга кенемте төлөп берүүдөн баш тарткан учурлар бар.
Быйыл февралда Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) жарылууда жабыркаган кызматкерлердин бири дары-дармекке акча бөлүнгөнүн, бирок кенемте төлөнбөй жатканын айтып, өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдогон.(ZKo)
Дагы караңыз
Москва: "Насыясы барлар айласыздан согушка кол коёт" Кремль Путин менен Трамп сүйлөшкөнү тууралуу маалыматты төгүндөп жататКыргызстанда ушул тапта 20 оорукана курулуп жататУлуттук Онкология борборунун жетекчиси кызматтан алынды"Сел бизди көчүрдү". Баткендеги климат көчмөндөрү