Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:38

Кремль Путин менен Трамп сүйлөшкөнү тууралуу маалыматты төгүндөп жатат


Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

Москва АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен Орусия президенти Владимир Путин телефондон сүйлөшкөнү тууралуу маалыматты жокко чыгарууда. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 11-ноябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып:

"Сүйлөшүү болгон эмес. Бул чындыкка таптакыр дал келбеген, ойдон чыгарылган, жөн гана жалган маалымат", - деди.

Орус президенти менен америкалык жаңы лидер ортосунда кандайдыр бир байланыш пландалып жатабы же жокпу деген суроого Песков "азырынча конкреттүү план жок" деп билдирди.

Washington Post басылмасы 10-ноябрда жеке булактарына таянып, Трамп 7-ноябрда Путин менен телефондон сүйлөшүп, Украина маселесин такуулаганын, Киев бул сүйлөшүү тууралуу кабардар болгонун, каршылыгын билдирбегенин жазган.

Трамп шайлоодогу жеңишинен кийин Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн Reuters да кабарлаган.

Путин Трамптын шайлоодогу жеңиши менен бир күндөн кийин бейрасмий куттуктап, аны менен сүйлөшүүгө даярдыгын билдирген. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG