АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, Украинадагы согуш маселесин талкуулаганын 10-ноябрда Washington Post басылмасы Трампка жакын булактарына таянып жазды.
Сүйлөшүү 7-ноябрда, Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефондон байланышкандын эртеси болгону, ал Путинге Украинадагы абалды күчөтпөө керектигин айтканы жана согушту тезирээк токтотуу тууралуу мындан аркы да сүйлөшүүлөргө кызыкдарлыгын билдиргени маалымдалды.
Басылма билдиргендей, Киев Трамптын Путинге телефон чалуусу тууралуу кабардар болгон жана каршылыгын билдирген эмес.
Путин Трамптын шайлоодогу жеңиши менен бир күндөн кийин бейрасмий гана куттуктап, аны менен сүйлөшүүгө даярдыгын билдирген.
Трамп эгер жеңсе Украина маселесин тез арада чече аларын айткан. Путин анын атаандашы, демократтардын талапкери Камала Харрис жеңсе деп ойлой турганын сентябрда билдирген, бирок байкоочулар муну менен ал Трамптын жеңишине үмүттөнүп жатканын байкатпоого аракет кылганын белгилешкен.
Орусия Украинага каршы согушун 2022-жылы февралда ачкан. Украина фронттогу азыркы абалын оор деп мүнөздөөдө. 9-ноябрда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский кырдаалды "оор жана курчуган" деп атады. (RK)
Дагы караңыз
Кыргызстанда ушул тапта 20 оорукана курулуп жататТегеранда Саудия менен Ирандын аскердик кызматташтыгы талкууландыСаламаттык сактоо министрлиги трансгендер жарандарга көмөк көрсөтүү боюнча жобо даярдады "Кыргыз кереметинин" чолпону - Клара Юсупжанова