Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:50

Саламаттык сактоо министрлиги трансгендер жарандарга көмөк көрсөтүү боюнча жобо даярдады


Саламаттык сактоо министрлигинин имараты.
Саламаттык сактоо министрлигинин имараты.

Саламаттык сактоо министрлиги трансгендер жарандарга медициналык-социалдык көмөк көрсөтүү боюнча жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документте трансгендер жана ар кандай гендер адамдарга көрсөтүлүүчү медициналык-социалдык жардам жана алардын гендердик иденттүүлүгүн медициналык күбөлөндүрүүнүн тартиби жазылган.

Мекеменин маалыматында 2020-жылы алгачкы жолу трансгендер адамдардын арасында формативдик баалоо жүргөнү, азырынча алардын санын так аныктаган көрсөткүчү жок экени жазылган. ЮНЭЙДС уюмунун маалыматына таянып жазганда, Кыргызстанда 3449 трансгендер адам жашашы мүмкүн деп белгиленген.

Изилдөөлөр жынысын өзгөртүүнү каалаган адамдар медициналык жардам алууда кыйынчылыкка туш болору, дарыгер-эндокринолог дайындабаган гормоналдык дары-дармектерди колдонуп, ден соолугуна олуттуу көйгөй жаралган учурлар бар экенин көрсөткөн.

“Өздүгүн тастыктоочу тийиштүү документтери болбогондуктан трансгендер адамдар билим алууга жана жумушка орношууга мүмкүндүк ала алышпайт. Трансгендер адамдар дискриминацияга, зордук-зомбулукка туш болушат жана аларга тийиштүү медициналык жардам жеткиликтүү эмес. Жобону иштеп чыгуу трансгендерлүү жана ар түрдүү гендерлүү адамдарга карата дискриминацияны четтетүүгө жана алардын саламаттык сактоо тармагындагы укуктарын жана документтерин алмаштыруусун камсыз кылууга багытталган. Жобо алардын гендерин юридикалык таануу процессинин айкындыгын жана ырааттуулугун камсыз кыла турган медициналык күбөлөндүрүүнүн бирдиктүү стандартын орнотууга түрткү берет”, - деп жазылган жобонун долбоорунда.

Республикалык СПИД борборунун мурда берген маалыматына караганда, Кыргызстанда да кумсалар, секс кызматкерлер, трансгендер коомчулуктары, маңзат колдонгон топтор - ВИЧ илдети тароо коркунучу жогору болгон сектор катары саналат.

Кыргызстандыктардын ультра-улутчул катмарында ЛГБТ коомчулугуна сабырсыз мамиле бар. Укук коргоочулар жыныстык азчылык өкүлдөрүнө катаал мамиле жасаларын айтып жүрүшөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG