ТИМ: Пакистандын Кветта шаарындагы терактта кыргыз жарандары жабыркаган жок

Кветта шаарындагы темир жол бекетиндеги жардыруудан кийин. 9-ноябрь, 2024-жыл.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Пакистандын Кветта шаарында болгон терактта каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Кветта шаарында жүргөн кыргыз жарандары менен туруктуу байланышта турат. Зарыл учурларда жардам же кеңеш алуу үчүн элчиликке +923303717771 жана +923350802525. телефон номурлары аркылуу кайрыла алышарын билдирген министрлик.

9-ноябрда Пакистандагы кооптуу аймактарынын бири деп саналган Кветта шаарындагы темир жол бекетинде жардыруу болуп, 24 адам каза болуп, 53 киши жарадар болгон.
Шаардын полиция башчысы Мухаммад Балоч Кветтадан Равалпиндиге баруу үчүн жүзгө жакын жүргүнчү поезд күтүп турган учурда чабуул жасалганын билдирди.

Кветта кооптуу деп саналган Белужистан провинциясынын борбору.

Өзүн “Белужи боштондук армиясы” (BLA) деп атап алган жикчил топ (АКШда глобалдык террордук топ деп жарыяланган) кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, жанкечти темир жол бекетиндеги аскерлерди бутага алганын билдирди. Бул аймакта Пакистан «Белужи боштондук армиясына» каршы күрөшүүдө. Жаратылыш кендерине бай Белужистан быйыл жыл башынан бери бир нече жолу куралдуу чабуулга кабылды. (ZKo)

Дагы караңыз

Боррел Украинаны "чексиз" колдоо убадасын бердиАлымбек датканын Кеңеш бийлигине кызмат кылган, бирок репрессияга дуушар болгон урпактарыЖМК: Трамп Киев менен Москвага "буфердик зона" түзүүнү сунушташы мүмкүн "Талибан" биринчи жолу БУУнун климаттык конференциясына катышат