Кыргызстанда шайлоочулардын жалпы саны 4 миллиондон ашты

Архив.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Кыргызстанда шайлоого жарамдуу жарандардын тизмеси такталганын билдирди. Ага ылайык, добуш берүүгө жарамдуу жарандардын саны 4 135 039гө жетти. Алардын 51,62% (2 134 511) аялдар, 48,38% (2 000 528) эркектер түзөт.

БШК тизме 14-ноябрга чейин бардык добушканаларга илинерин белгиледи жана шайлоочуларды өздөрүнүн шайлоо тилкелерине барып тизмеден тактап алууга чакырды.

2020-жылы 3,5 миллиондой шайлоочу болсо, 2021-жылы ал 3 миллион 700 миңге жеткен.

Кыргызстанда добуш берүү барган сайын солгундап баратат. 2017-жылдагы президенттик шайлоого жалпы добуш берүүчүлөрдүн 56% катышса, 2021-жылы бул көрсөткүч 39,75% гана түзгөн. 2020-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн 56,2%, ал эми 2021-жылы 34,93% келген.

Дагы караңыз

БШК: аралыктан добуш берүү үчүн 9050 адамдан арыз түштү Садыр Жапаров жаштарды добуш берүүгө үндөгөн долбоор жөнүндө айтты ЖМК: Трамп Киев менен Москвага "буфердик зона" түзүүнү сунушташы мүмкүн "Сосновка" бекетинде жүк ташыган машиналар өткөрүлө баштады