Садыр Жапаров жаштарды добуш берүүгө үндөгөн долбоор жөнүндө айтты

Кыргызстанда жаштар калктын 35% түзөт.

Президент Садыр Жапаров 10-ноябрда Жаштар күнүнө карата куттуктоо жолдоду. Анда калктын 35% жаштар түзөрүн белгилеп, алардын өлкөнүн өнүгүшүнө салымы чоң экенин айтты.

Мамлекет жаштарды колдоого аракет кылып жатканына, мыйзамдар, документтер кабыл алына баштаганына токтолду. Анын ичинде жаштарды шайлоо өңдүү саясий жараяндарга активдүү катыштырууга үндөгөн долбоор тууралуу кабарлады.

“Жаштардын шайлоолорго катышуусун камсыздоо, алардын шайлоо процесстериндеги пассивдүүлүгүн алдын алууга багытталган “Катыш. Танда. Шайла” долбоору ишке ашырылууда”,- деп жазылган куттуктоодо.

Кыргызстанда добуш берүү барган сайын солгундап баратат. 2017-жылдагы президенттик шайлоого жалпы добуш берүүчүлөрдүн 56% катышса, 2021-жылы бул көрсөткүч 39,75% гана түзгөн. 2020-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн 56,2%, ал эми 2021-жылы 34,93% келген.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылы 3,5 миллиондой шайлоочу болсо, 2021-жылы ал 3 млн 700 миңге жеткен.

Дагы караңыз

БШК: аралыктан добуш берүү үчүн 9050 адамдан арыз түштү ЖМК: Трамп Киев менен Москвага "буфердик зона" түзүүнү сунушташы мүмкүн