"Ачка калып, сексуалдык зомбулукка чыдап жашашат". Түркмөн балдар үйүндөгү абал

Түркмөн секелек кыздар

Түркмөнстандын балдар үйүндө тарбияланып чыккан келин, өзүнө окшоп кароосуз калган жетим балдар өлкөнүн мамлекеттик мекемелеринде ачка калып, кордукка, ал тургай сексуалдык зомбулукка дуушар болорун айтат. Бирок түркмөн өкмөтү балдар үйлөрү коопсуз жай экенин белгилейт.

Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат каражаттары өлкөдөгү балдар үйлөрүн "бакубат балалык тартуулаган, коопсуз жай" катары көрсөтүшөт.

Бирок өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Мары шаарындагы балдар үйүндө чоңойгон 27 жаштагы Махым аттуу келин чындык таптакыр башка экенин айтат.

Өтүнүчү боюнча аты өзгөртүлгөн Махым балдар үйүндө ачка калып, кызматкерлердин зордук-зомбулугуна кабылганын белгилейт. Ал ошондой эле жетим балдарды пахта талаасына мажбурлап иштетишкенин айтат.

"Балдар үйүндө ар кандай адамдар иштейт – жакшысы да, жаманы да бар. Бирок балдар үйүнүн жетекчиси жана айрым тарбиячылары таптакыр зөөкүр болчу", - дейт Махым "Азаттыктын" түркмөн кызматына берген маегинде.

Анын айтымында, тарбиячылар эч кимге арызданбаган, кароосуз калган жетим балдарды "аёосуз" сабап, кордочу.

"Бала бир нерсени сындырса же мугалимдердин айтканын аткарбаса, алар кыйкырып, сабап, сөгүшөт, - дейт Махым. - Тарбиячылардын баары бизди такай сабашчу. Алар менин санымды, көкүрөгүмдү көп чымчылашчу".

Авторитардык Түркмөнстанда мамлекеттик камкордукка алынган жетим балдардын саны тууралуу ачык маалымат жок.

Мамлекеттик маалымат каражаттары негизинен балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын кынтыксыз кийингенин, жаңы жыл же башка маарекелерде мекеме-ишканаларды кыдырып, өлкөнүн президенти баш болгон жогорку бийлик өкүлдөрү менен сүрөткө түшүп жатканын көргөзүшөт.

Расмий булактардан алынган сүрөттө, маалымат жана коммуникация технологиялары боюнча окуу курстарын бүтүргөн балдар үйлөрүнүн айрым тарбиялануучулары көрсөтүлөт. 2024-жылдын май айы.

Айрым учурларда балдарды саякатта, концерттерде же белгилүү адамдар менен жолугушууда көрүүгө болот.

Бирок Махым телекамералар жок, жабык эшик артында жетим балдар кордолуп, коркутуп-үркүтүлүп, эксплуатацияланарын, алар атүгүл базалык билимден да ажырап калышканын кошумчалайт.

"Мугалимдерди айына бир-эки жолу гана көрчүбүз. Бир мугалим бир нече предметтен сабак берет. Ошондуктан балдар үйүндө тарбияланган балдардын көбү сабатсыз, окуганды да, жазганды да билишпейт. Мугалимдерибиз бизге билимдин кереги жок деп көп айтышчу", - дейт Махым.

Ал ошондой эле Марыдагы балдар үйүнүн кызматкерлерин - ашпоз жана тарбиячыларды - балдарга делген тамак-ашты "үйүнө алып кетишчү" деп айыптайт.

Махым балдарга сууга бышкан кесмеден башка тамак берилбесин, алардын курсагы айда жылда бир кайрымдуулуктан келген тамак-аш менен гана тоёрун айтат.

Дагы караңыз

"Ата-энеси тирүү социалдык жетимдер көбөйдү"

Сексуалдык зомбулук, мажбурлап иштетүү

Махым балдар үйүндөгү айрым өспүрүм кыздардын укук коргоо органынын кызматкери менен жыныстык катнашка мажбурланганына күбө болгонун жашырбайт.

Махым ал тарбияланып чыккан балдар үйүндө сексуалдык эксплуатация канчалык кеңири жайылганын тактаган жок. Бирок ал 2013-жылы тарбиячы аял бир нече кызды полиция кызматкери менен жыныстык катнашка мажбурлаганын айтат. Махымдын айтымында, полиция тарбиячынын тууганы болгон.

"Ал 15 жаштан 17 жашка чейинки сулуу кыздарды тандап алып, алар [полиция кызматкери] менен жатууга мажбурлаган. Баш ийбегендерди сабачу", - дейт Махым.

Түркмөн президенти Сердар Бердымухамедов. Мамлекеттик телеканалдан алынган скриншот.

Мары облусунун жергиликтүү бийлиги "Азаттыктын" комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген жок. "Азаттык" Махымдын айткандарын өз алдынча тактай албайт. Бирок Түркмөнстандын дагы бир нече балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү буга чейин бул мекемелерде башынан өткөргөн же күбө болгон зордук-зомбулук фактыларын айтып келишкен.

Махым маегинде Марыда 12 жаштан жогорку жетим балдарды оруп-жыюу маалында пахта терүүгө күчтөп айдап барышарын белгилейт.

"Биз пахта талаасында түштөнүп, кечинде балдар үйүнө кайтчубу, - дейт Махым. - Кээ бир тарбиячылар балдарды үй жумуштарына да мажбурлап иштетишчү".

Түркмөн өкмөтү жыл сайын мугалимдерди, коммуналдык кызматтардын жумушчуларын, аскерлерди пахта теримге салат. Буга чейин бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары балдарды күчтөп пахта теримге салганы үчүн түркмөн бийлигин сындап келишкен.

"Алар оңой эле кутулуп кетишет"

Махым Түркмөнстандагы балдар үйүнүн кызматкерлери арыздануудан корккон жана колдоосу жок балдарды кордогон окуядан оңой эле кутулуп кетерин айтат.

Ал маегинде балдар үйүндөгү балдардын бири менен сүйлөшүп жүрүп, 15 жашында боюна бүтүп калган досу Айшанын окуясын айтып берди. Айша балдар үйүнүн жетекчисинин боюнан алдыруу талабына каршы чыгып, бирок кийин боюнан түшүп калган.

"Кызматкерлер Айшанын тамак-ашына аборттун дарыларын кошуп коюшкан деген имиштер тараган. Айшада психологиялык жактан көйгөйлөр пайда болуп, психиатриялык ооруканага жаткырылган", - дейт Махым. Анын досу кийин ооруканада каза болгон.

"Директор менен тарбиячылар бизди Айша жөнүндө кимдир бирөөгө айтсак, жашообузду тозокко айландырабыз деп коркутушчу", - дейт Махым.

Анын айтымында, балдар үйүндөгү тарбиялануучулардын көйгөйлөрү алар 18 жашка толгондон кийин да уланат, анткени мекемелер аларды өз алдынча жашоого даярдабайт.

Түркмөн президенти Сердар Бердымухамедов 2022-жылдын май айында Ашхабаддагы балдар үйүнө барган.

Каржылык ресурстары жана колдоосу жок болгондуктан, балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү көбүнчө коомго аралаша алышпайт. Алардын айрымдары кылмышка барышат.

Дагы караңыз

"Мектепти бүтөрү менен турмушка чыкканга мажбур болушат". Андарактагы өз жанын кыйган аялдар

"Мыйзам боюнча Түркмөнстандагы балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү социалдык турак-жай алууга укуктуу, бирок алардын көбү муну жылдап күтүшөт", - дейт мамлекеттин камкордугунда чоңойгон Лебап велаятынын тургуну.

"Бийлик кыздарды карылар үйүнө жайгаштырып, эркек балдарды аскерге алып кетет", - деди жыл башында лебаптык аял "Азаттыкка".

Махым да, Лебап шаарындагы балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү да мамлекеттик камкордукка алынган түркмөнстандык жетим балдардын аянычтуу абалына көңүл буруу үчүн өз башынан өткөргөн окуяларды айтууну чечишкен.