Жумгал районунда мал кайтаруу үчүн кетип, дайынсыз кеткен ата-баланы издөө 6-ноябрда да уланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, издөөгө 14 адам: жети куткаруучу, бир милиционер жана жергиликтүү тургундардан алты киши чыкты.
16-октябрда Өрнөк айылынын тургуну 45 жаштагы Болот Карыпбеков менен анын уулу Бекзат Самарбеков мал кайтарганы кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
Буга чейин президент Садыр Жапаров дайынсыз кеткен ата-баланы издөө иштерин күчөтүү тапшырмасын берген.
Өрнөк Көкөмерен суусунун жээгинде жайгашкан айыл. Көкөмерен шар агып, Тогуз-Торо районунан Нарын дарыясына кошулат. Дарыянын Жумгал району тараптан өткөн бөлүгү чоң болгондуктан адам өмүрүн алган кырсыктар катталып турат.(ZKo)
Дагы караңыз
Кыргызстан Түркияга акысыз дарылана турган бейтаптарды жөнөтүүнү кайра баштоону сунуштадыХаррис же Трамп. Америкалыктар кимди тандайт? АКШ: Трамп шайлоочулар коллегиясынын 198, Харрис 109 добушун алуудаЭрдогандын сапары: "Байрактар", "Сапат" мектеби, соода-сатык