Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:59

Кыргызстан Түркияга акысыз дарылана турган бейтаптарды жөнөтүүнү кайра баштоону сунуштады


Алымкадыр Бейшеналиев менен Кемал Мемишоглунун жолугушуусу.
Алымкадыр Бейшеналиев менен Кемал Мемишоглунун жолугушуусу.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 5-ноябрда Бишкекте Түркиянын саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглу менен жолугушууда жыл сайын Кыргызстандын 150 жаранын Түркияда акысыз дарылатуу ишин кайра баштоо сунушун берди.

Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Түркия менен мамлекеттик кызматташтыктын алкагында акысыз дарылануу 2019-жылы 100 квотадан 150гө көбөйгөн.

Бирок 2020-жылы башталган COVID-19 пандемиясынан улам бейтаптардын Түркияга акысыз барып дарылануусу токтотулган. Кыргызстан буга чейин Түркиядан квотаны көбөйтүүнү сураган.

Бейтаптардын бир бөлүгүн Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги, дагы бир бөлүгүн Түркиянын элчилиги тандап жиберет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG