Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:30

АКШ: Трамп шайлоочулар коллегиясынын 198, Харрис 109 добушун алууда


Дональд Трамп жана Камала Харрис.
Дональд Трамп жана Камала Харрис.

Америка Кошмо Штаттарындагы президенттик шайлоодо Дональд Трамп Алабама, Арканзас, Флорида, Индиана, Кентукки, Миссисипи, Оклахома, Түштүк Каролина, Теннеси, Батыш Виржиния, Монтана, Түндүк Дакота, Түштүк Дакота, Вайоминг, Юта, Техас, Небраска, Луизиана, Миссури жана Огайо штаттарында жеңишке жетти.

Анын атаандашы Камала Харрис Коннектикут, Делавэр, Иллинойс, Мэриленд, Массачусетс, Нью-Жерси, Вермонт, Род-Айленд, Колорадо жана Нью-Йорк штаттарында алдыга чыкты.

Муну менен Трамп шайлоочулар коллегиясынын 198 добушун, Харрис 109 добушун алды.

“Селкинчек же оома” штаттардагы шайлоонун жыйынтыгы чыга элек. АКШдагы президенттик шайлоону “селкинчек” жети штат: Пенсильвания, Түндүк Каролина, Мичиган, Висконсин, Жоржия, Аризона жана Невада чечет.

Шайлоочулар коллегиясынын 270 добушун алган талапкер АКШнын 47-президенти болот.

Президент болуп шайлануу үчүн талапкер шайлоочулар коллегиясынын кеминде 270 мүчөсүнүн добушун топтошу керек. Эгер Харрис да, Трамп да бул босого чекке жеткидей добуш топтой албаса, анда жаңы президентти жаңы шайланып келген Конгресстеги Өкүлдөр палатасы январь айында тандайт. Ал эми жаңы шайланып келген Сенаттын мүчөлөрү вице-президентти аныкташат.

АКШдагы бул жолку президенттик шайлоо Орусиянын Украинадагы согушуна, Жакынкы Чыгыштагы аскердик жаңжалга жана башка глобалдык маселелерге таасирин тийгизе турган тарыхый президенттик шайлоо деп бааланууда.

60 жаштагы Камала Харрис өзүн азыркы президент Жо Байден менен Трамптын ордун баса турган муундун өкүлү катары көрсөтүүдө.

78 жаштагы Дональд Трамп ушуну менен шайлоого төртүнчү жолу катышууда. 2020-жылы ал азыркы президент Жо Байденге утулуп, экинчи мөөнөткө калуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG