4-ноябрга караган түнү Орусия Украинанын аймагына учкучсуз учак жана ракета менен чабуул койгонун, Shahed дрондорунан 80и учурулганын Днепропетровск облусуна «Искандер-М» ракетасы менен сокку урганын украин Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү маалымдады.
Тогуз облуста, анын ичинде Киев аймагында, 50 дрон атып түшүрүлдү.
Борбор калаа Киевде эки жерге дрондун сыныктары түшкөнү, жабыркагандар жок экени кабарланды.
Харьковдо кеминде 13 адам жараат алды.
Ал эми фронтто орус аскерлери Курахово багытында алдыга жылганын Би-Би-Си украин аскерлеринин маалыматына таянып жазды. DeepState долбоору да бул маалыматты тастыктады. Курахово Донецкиден батыш тарапта, фронт тилкесинен 20 чакырым аралыкта жайгашкан. (RK)
Дагы караңыз
"21 күнгө чейин визасыз жүрө алышат". Кытайлык туристтер үчүн жеңилдик Кыргызстанга эмне берет? Молдова: Майя Санду диаспоранын добушу менен жеңишке жеттиАКШ: Президенттик шайлоодо ким жеңгенин качан билебиз? Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт