Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:32

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


Бишкек. Архив.
Бишкек. Архив.

Шашылыш билдирүү!

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 5-6-ноябрь күндөрү жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. 6-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

5-ноябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 11…16;

Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7…12, күндүз 14…19;

Баткен облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -6…-11, күндүз 1…6 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 14 метрге жетет.

Абанын түнкү температурасы 8…10°, күндүзгү температурасы 14…16° болот.

XS
SM
MD
LG