"Согушта кан төгүүнү каалабайбыз". Франциядан башпаанек сураган орусиялык качкындар

Александр жана Максим.

2022-жылы Орусиядагы мобилизацияга байланыштуу Казакстанга качып чыгып, кийин Европага кеткен бир нече орусиялык жаран “Кош бол, курал!” уюмуна бирикти. Франциядан башпаанек сураган бул адамдар Орусия Украинага кол салганын, мындай шартта дезертирлик үчүн уялбаш керектигин айтып чыгышты.

Орусиянын бийлиги согушка барбай койгондорду чыккынчы деп санайт.

"Настоящее время" телеканалынын кабарчылары алардын айрымдары менен Францияда жолугуп, орус армиясынан качкандар кабылган тоскоолдуктар, согушка барууну каалабаган адамдарга кантип жардам көрсөтүп жатканына кызыкты.

Максим (коопсуздук үчүн аты өзгөртүлдү) коллежди аяктагандан кийин аскер кызматына келгенин айтып берди. Ал кезде штабда аскер кызматын өтөп, убактысынын көбүн иш кагаздары менен өткөргөн. Аскердик кызматты өтөп бүткөндөн кийин, Максимдин айтымында, ага офицердик кызмат ордун жана келишим түзүүнү сунуш кылышкан. Ал Коргоо министрлиги менен келишимге 2018-жылы кол койгон. Бирок үч жылдан кийин – Орусия Украинага толук масштабдуу басып кирер алдында ал кызматтан кетүүнү чечкен.

"Мен кадимки окуу бөлүмүндө документтер менен иштечүмүн. Аскерге баштапкы даярдыктан өтүп, бирок колума курал кармаган эмесмин. 2021-жылы кызматтан кетүүгө аракет кылып, декабрда отставкага арыз жаздым. Эки айдан кийин алар мени сот аркылуу гана, тактап айтканда, кылмыш ишин козгоп, соттогондон кийин гана кетиребиз дешти".

Орусия Украинага жапырт бастырып киргенден бир нече ай өткөндөн кийин Максимге согушка ыктыярчыларды тартуу милдети жүктөлгөн.

"Мен маалымат топтой баштадым. Ошол учурда жагдайды ичинен көрүп турдум, канча адам согушка барууну каалай турганын, канчасы жаңы келишимге кол коюуга даяр экенин байкадым. Жаңылыктарда айткандай аскер бөлүктүн алдында узун кезек жоктугун билдим. Келгендер келип, таанышып, бирок кайра артка бурулуп кетип жатышты".

Ошол жылы сентябрь айында ал согушка катышууга чакыруу кагазын алган. Ошондо Максим өлкөдөн качып кетүүнү чечкен.

"Мен согушка катышууну каалабаганымды түшүндүм. Андан бир-эки күн мурун бизге келишимдер мөөнөтсүз деп эсептелет, согуш аяктаганга чейин алардын мөөнөтү жок болот деген жарлыктын долбоору менен тааныштырышты. Ал эми келишимди бузууга ал жерде үч гана себеп айтылды. Бул өлүм, жаш курагы, эркинен ажыратылгандыгы же сот чечими. Аскер бөлүктө туруп, согушка катышуудан баш тартуу - эркиндигиңден кечүү болчу. А бирок согушка барууга кол коюп берүү - бул адамдарды өлтүрүүгө катышуу дегенди билдирет, мында өзүң да өлүп калышың ыктымал. Мага биринчи да, экинчи да вариант жаккан жок. Ошондуктан буюмдарымды чогултуп, Уралдан ары кетип, бир нече күндөн кийин Казакстандын чек арасын кесип өттүм", - деди ал.

2022-жылдын декабрынан бери Максимге Орусияда “дезертирлик” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Францияга көчүп келгенге чейин ал Казакстанда эки жылдай жашап, "Кош бол, курал!" кыймылына кошулган. Казакстанда согушка каршы чыккан орус жарандары Орусияга экстрадицияланышы тууралуу кабарды уккандан кийин ал өзүнүн коопсуздугу үчүн тынчсыздана баштаган.

"Мен ал жерде карапайым адамдай жашагым келди. Тынч жашап, тынч иштегим келди. Ал тургай менде орус паспортум бар экенин да эч ким сурабагандай сезилди. Бирок бир адам Казакстандан Орусияга чыгарылып, экстрадицияланып, күч органдарына өткөрүп берилди деген кабар уктук. Полиция менин иштеген жериме да келиши мүмкүн деп ойлодум. Эгер күзөтчүлөр эч нерсени байкабай калышса, полиция мени да Орусияга алып кетиши мүмкүн эле. Казакстандан эч ким кабатыр болмок эмес. Казакстан - Орусия менен кызматташып жаткан мамлекет. Бир адамдын айынан саясий жана экономикалык байланышын үзгүсү келбейт".

Александр.

Кийинки каарманыбыз Александр ата-энесинин сунушу менен мектептен кийин аскердик окуу жайга тапшырып, беш жыл окуп, офицердик наам алганын айтат. Окууну аяктагандан кийин дароо 2022-жылдын башында Орусиянын аймактарынын бирине кызмат өтөшү керек болгон. Бирок, Александрдын айтымында, ошол учурда аскерден кетүүнү чечкен. Кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы менен, Коргоо министрлиги ага кол койгонго чейин кызматын улантууга милдеттүү болгон. 2022-жылы январда жетекчилик анын бөлүгү аннексияланган Крымга машыгуу үчүн жөнөтүлгөн.

"Мен бул машыгуулардан баш тартууга аракет кылдым. Командириме келип, кызматтан бошотуу процесси болуп жатканына байланыштуу сапарга чыгуу туура эместиги жөнүндө арызымды тапшырдым. Ал менин рапортум жазылган баракка жыныстык органдын сүрөтүн тартып: "Барасың. Башка арга жок. Орус армиясында кадрлар жетишпейт, ошондуктан аскер кызматкерин бошотууга эч ким кызыкдар эмес", -деди"

Александр Орусия Украинага толук масштабдуу басып кирүүгө даярданып жатканын өзү да, анын кесиптештери да билбегенин айтты. Бирок февраль айынын аягында аларга жаңы курал-жарак жана жабдуулар берилгенден кийин, алар согуштук аракеттер жакындаганынан шек санай башташкан.

"24-февралда менин аскер бөлүгүм басып кирүүгө катышты. Тилекке каршы, алардын арасында мен да бар болчумун. Бизди колоннага тизип, ар кимибиз өзүбүздүн автоунааларыбыз менен бейтааныш тарапка жол алдык. Биз кайда, эмнеге баратканыбызга деле анчейин маани берген жокпуз. Украина менен чек араны кесип өткөндө гана туура эмес нерселер болуп жатканын түшүндүк. Командир мага: "10 күн күтө тур, баары бүтөт", - деди. "Мен бул нерсеге катышпайм, кантип артка кайтсам болот?" деп суроо салдым. Жооптон Орусияга кайта албай турганымды түшүндүм. Чек арада укук коргоо органдары кармап кетиши же мени жолдон өзүмдүн кесиптештерим атып салышы мүмкүн эле".

Александр Украинанын аймагында беш айга жакын болуп, ал жерде радио байланышын камсыздоо жана радиостанцияларды түзүү менен алектенгенин айтат. Ал өзүнүн өлкөсүнүн башка өлкөгө басып киришин колдобосо да, буйрукка баш ийгенге аргасыз болгон.

"Буйруктарды аткарбагандарга өтө ырайымсыз мамиле жасашат. Аларды уруп-сабап, бутуна аткан учурлар да болгон. Психологиялык жактан да, моралдык жактан да абдан оор. Мен башынан эле бул баскынчылыкка макул болгон жокмун, бирок эмне кыларымды билбей калдым. Украин элине зыян келтирип жатканымды түшүндүм. Мунун баарына аралашпоонун мыйзамдуу жолун издей баштадым. Мыйзамдуу жолу Орусиянын аймагына кайтып, укуктук талаада күрөшүү - согушка катышкым келбегенин айтып, армиядан кетүү эле. Ал учурда менин жүрөгүмдө Орусияга, командирлериме жек көрүү сезими пайда болду".

2022-жылы жайында Александр эс алууга чыгып, анан Коргоо министрлиги менен кызматтан кетүү маселесин чечүүнү уланткан. Бирок сентябрда бийлик мобилизация жарыялаган. Бул ага мындан ары кызматты таштай албай турганын билдиришкен. Көп өтпөй Александрга согушту сындаган башка офицерлер менен бирге чабуулчу отряддын курамында согуштук аймакка жөнөтүлүп жатканы кабарланган. Бул бөлүмдө эле 700гө чейин адам кызматтан кетүүнү чечкенин айтат Александр.

"Бул мага окшоп согушка макул болбой, отставкага кеткен, мобилизациялангандан кийин аргасыз армияда калган адамдардын баарынан өч алуу мүмкүнчүлүгү эле. Нааразы болгондорду Украинага жөнөтө башташкан".

Александрдын айтымында, командири аны түрмө менен коркутуп, согушка жиберген. Ал командирине фронтко келерин кабарлап, өзү Омскиге учуп, андан ары Казакстанга кеткен.

Андрей.

Бурятиялык Андрей согушка чейин жол салуу тармагында иштеген. Мобилизация тууралуу иштеген жеринен уккан. Кадрлар бөлүмүнө чакырып, жумуштан бошогондугун айтып, аскерге чакыруу кагазын беришкен.

"Адегенде аскердик билетимди, паспортумду алып мобилизациялашты. Эки сааттын ичинде аскер комиссариатына барбасам, кылмыш жоопкерчилигине тартыларымды айтышты. Менин колумда чакыруу кагазы бар болчу. Ошентип, кийинки күнү таңкы саат 6да аскердик бөлүккө учуп келдим. Мобилизация жарыяланган күнү мен аскер бөлүгүндө болчумун. Аэропортко келип, баарыбыз Улан-Удэге учтук. Бөлүккө алып барышып, бардык жабдууларды, кийимдерди бере башташты. Аскердик машыгуулар таптакыр болгон эмес. Кийим-кече гана берип, документтерди тариздешти".

Андрейдин айтымында, мобилизациядан бир нече күн өткөндөн кийин алар фронтко жиберилиши керек болчу.

"Мени таң калтырганы, ал жердегилердин баары арак ичип отурушту. Эмнени майрамдап жатканы мага түшүнүксүз болду. Алар биз бул жерде жүргөнүбүзгө, согушка барарыбызга сүйүнгөндөй сезилди. Кайда барабыз, эмне үчүн барабыз - баары биз үчүн бүдөмүк эле. Менимче, офицерлер деле толук кабардар болгон эмес. Баарыбызды топтоп, буйрук берилгенде, айтылган жерге сапар тартышмак".

Андрей фронтко жиберилгенге чейин качып кетүү керектигин түшүнгөн. Мурда дал ушул аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөнү анын качып чыгышына мүмкүндүк берген.

"Аскерге чакыруу кагазын колго алып, макул болуп, аскердик бөлүккө учуп келгенимдин өзү туура эмес болгон экен. Абалымды түшүндүрүүгө аракет кылдым. Мен кайрылган сержант эгер баш тартсам түрмөгө түшөрүмдү, абактан баары бир кайра согушка кетеримди айтты. Алар менен сүйлөшүү мүмкүн эмес экенин билип, качып кетүүнү чечтим. Мен аскердик бөлүккө кайсыл жерден кирип-чыкса болорун жакшы билчүмүн. Дубалда чоң тешик бар болчу. Ошол жерден сыртка качып чыктым. Бир күнгө батир алып, Казакстанга билет издей баштадым. Казакстанга, Астанага келгенде мага кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөнүм маалым болду".

Укук коргоочулар учурда согуштук аракеттерге катышуудан баш тартуунун мыйзамдуу жолдору дээрлик жок экенин айтышты. Орусияда согуш башталганга чейин эле аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткандарга кеңеш берген кыймыл иштеген. Анын юристи жана менежери Артем Клыга согушка катышуудан баш тартуу жолдоруна токтолду.

Артем Клыга.

"Биринчиси - түздөн-түз буйрукту аткарбоо. Адатта андай буйруктар кылмыш ишинин козголушу, кыйноолор, командачылыктын кысымы менен коштолот. Бизге кыйноолор тууралуу билдирүүлөр көп келип түшөт. Өмүр менен өлүм маселесине келгенде, албетте, буйрукту аткарбаганга аракет кылуу менен туугандар аркылуу жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгуу керек. Экинчи жолу - дезертирлик кылуу. Аскер кызматкерлерине эс алуу каралган. Үчүнчү жол - ден соолугуна байланыштуу “D” категориясы боюнча аттестациялык комиссиядан өтүүгө аракеттенүү. Ырас, бул сейрек кездешүүчү учур, бирок Башкы штаб кандайдыр бир оорусу бар адамды кызматтан кетирүүгө милдеттүү".

Дезертирлер Францияга кирүү үчүн документтерди “Кош бол, курал!”, Адам укуктары жана мыйзам үстөмдүгү боюнча Казакстандын эл аралык бюросу (IBHR) жана Russie-Libertes француз ассоциациясынын жетекчиси Ольга Прокопьеванын биргелешкен аракеттеринин аркасында ала алышкан.

Ольга Прокопьева

"Франциянын ар кайсы даражадагы бийлик өкүлдөрү менен узакка созулган сүйлөшүүлөр болду. Ички иштер, Тышкы иштер министрликтери менен биз түрдүү жолдорду издеп жүргөндө, Казакстанда активисттердин демилгеси менен дезертирлердин бир нече коому түзүлдү. Анын максаты - башка эркектерди да ушинтип куралын таштап кетүүгө жана Украинадагы кылмыштуу согушка катышпоого чакыруу. Ошентип, биз француз бийлигине булар жөн эле өмүрү үчүн корккон адамдар эмес экенин, алар армияны таштап кетишкенин далилдей алдык".

Макала "Настоящее время" телеканалыны тиешелүү.
Которгон: Айгерим Акылбекова.