Ташиев гимн боюнча Мадумаровдун президентке берген жообун сындады

Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров. Архив.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун президент Садыр Жапаровдун маегине берген жообун сынга алды. Бул тууралуу атайын кызматтын жетекчиси 31-октябрда Ош облусунда Ош - Ноокат - Раззаков автожолунун жаңыланган бөлүгүнүн ачылышында сүйлөп жатып айтты.

“Президентке “сен кимсиң?” деп айтып чыгыптыр. Туугандар, мамлекеттин башчысын сыйлай албасак кандай эл болобуз? Президент күнү-түнү элим, жерим деп иштеп жатат. Ошондой тартипсиздердин баарын жоопко тартыш керек. Президенттин ким экенин, президент элге кантип кызмат кылып атканын көрсөтүп коюшубуз керек. Ошол киши тилинин азабын дагы тартат. Мен эч качан бир нерсени бекинип алып айткан эмесмин. Ошол Мадумаров тилинин азабын дагы тартат. Тилинин азабын тартып жүрүп депутаттыктан да кетти”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин көтөргөн.

Саясатчы Адахан Мадумаров “Азаттыктын” комментарий берип жатып мамлекеттик символиканы өзгөртүү сунушун сынга алган.

Президент Садыр Жапаров 30-октябрда “Кабар” улуттук агенттигине берген маегинде гимнди алмаштырууну колдой турганын айтып, Адахан Мадумаров мамлекеттик катчы болуп турганда Кыргызстандын символикаларын алмаштыруу демилгесин өзү көтөргөнүн, азыр эми бул ойго каршы чыгып жатканын билдирген.

Адахан Мадумаров “Апрель” телеканалына президенттин маеги боюнча комментарий берип, “гимнди парламент же президент өзгөртө турганын, ал мамлекеттик катчы болуп турганда Садыр Жапаровго символикаларды алмаштыруу боюнча эч нерсе айтпаганын” кабарлаган.

Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган. (BTo)

Дагы караңыз

“Мекенчил” депутаттык тобунун лидери алмашып, Сатыбалдиевдин ордуна Сулайманов келдиСот Карабаевди эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикке чыгардыКыргыз-казак чек арасындагы "Токмок" көзөмөл-өткөрүү бекети убактылуу жабылдыЖумгалда жоголгон ата-баланы издөөгө жүздөн ашык киши, 9 дрон тартылдыНурлан Мотуев улут аралык кастыкты козутууга шек саналып кармалдыИспаниянын Валенсия аймагында селден каза болгондор 95 кишиге жеттиДепутаттар убактылуу автобекетте шарт жок экенин айтып, сынга алыштыШаардык сот эки журналисттин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызды караган жок2024-жылы Орусиянын абактарынан 77 кыргызстандык мекенине өткөрүлдү