Испаниянын Валенсия аймагында селден каза болгондор 95 кишиге жетти

Испанияда болгон селдин кесепети.

Соңку маалыматтар боюнча Испаниянын түштүгүндөгү Валенсия аймагында селден каза болгондор кеминде 95 кишиге жетти. Шейшемби күнү Валенсияда жаан нөшөрлөп жаап, катуу шамал болгон.

Социалдык тармактарда аймактын тургундары селден качып бактарга чыгып жаткан, ошондой эле куткаруучулар сууда калган автоунаалардан адамдарды чыгарып аткан видеолор тарады. Басма сөз жыйынында Валенсия аймагынын башчысы Карлос Масон суу каптаган кээ бир аймактарга жетүү азырынча мүмкүн эмес экенин айтты. Ондогон адамдар дайынсыз болуп жатканы кабарланды.

Куткаруу, тазалоо иштерине аскерлер да тартылууда. Айрым райондордо мектептер жана башка мекемелер убактылуу жабылды. Мадрид менен Барселонанын ортосундагы темир жол каттамы да токтоп турат.

Акыркы жолу Валенсияда мындай жаратылыш кырсыгы 2023-жылы сентябрда болуп, анда үч киши каза тапкан.

Окумуштуулар климаттын өзгөрүүсү аба ырайынын да ар кандай экстремалдык өзгөрүүлөрүнө түрткү болуп жатканын белгилөөдө. Метеорологдордун пикиринде, Жер ортолук деңиздеги суунун температурасынын жогорулашы буулануу деңгээлин активдештирип жатат жана мунун айынан жаан-чачын көбөйүүдө.

Быйыл күз башталгандан бери Европанын бир нече өлкөсүн суу каптап, ондогон адамдар набыт болду. (BTo)

Дагы караңыз

Шаардык сот эки журналисттин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызды караган жок2024-жылы Орусиянын абактарынан 77 кыргызстандык мекенине өткөрүлдүМурда камалып чыккан Эркинов тышкы иштер министрине орун басар болду Жумгалда жоголгон ата-баланы издөөгө жүздөн ашык киши, 9 дрон тартылдыНурлан Мотуев улут аралык кастыкты козутууга шек саналып кармалды30-октябрь: Кытай туристтерге 21 күн визасыз режим, орус оппозициясы Путинди кетирүү аракетин баштады