"Тырмагын сууруп, бычактаган". Зордукчул күйөө кыйнаган келин

Иллюстрация

Чүйдүн Сокулук районунда күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылган 22 жаштагы келин оор абалда ооруканага түштү. Милиция кылмышка шек саналып келиндин күйөөсү кармалганын билдирди.

Дарыгерлер келин бир нече жеринен жараат алганын билдирүүдө. Бул окуя үй-бүлөлүк зомбулук темасын кайрадан күн тартибине чыгарды.

Күбөнүн маалыматы

Сокулук районунда 22 жаштагы келин оор абалда ооруканага түшкөнүн, ал күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылганын окуянын күбөсү кабарлаган. Андагы маалыматка караганда, күйөөсү аялын түнү менен кыйнап, тырмагын жулуп, бычак менен сайгылаганы айтылат. Кийин бул маалыматты Чүй милициясы дагы ырастады.

"Окуя 28-октябрда болгон. Ошол күнү милициянын нөөмөт бөлүмүнө райондук ооруканага бир нече жеринен жараат алып 2002-жылы туулган Д.К. аттуу жаран түшкөнү тууралуу маалымат келген. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси (“Үй-бүлөлүк зомбулук”) менен кылмыш иши козголуп, шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгында, К.М. аттуу 1999-жылы туулган киши Сокулуктагы үйүндө ичимдик ичип алып, саат 10дон 7ге чейин өзүнүн жарандык аялына зомбулук көрсөткөнү аныкталган", - деди облустук милициянын басма сөз катчысы Үмүт Арыкова.

Күбө катары маалымат берген кишинин айтымында, келин көгала болуп сабалган. Бычактан алган жараатынан кан кетип, кан басымы түшүп кеткен.

"Алар келинди ооруканага алып кирүүгө жардам беришиптир. Ал жакта УЗИ жана башка жакка текшерүү үчүн алып жүрүшүптүр. Таза жери жок, бети көрүнбөйт дейт. Гинекологиялык жактан дагы зыян келтирген окшойт. Жашап кетеби, билбейм, тырмактарын дагы жулуп алыптыр", - деди ал.

"Томографиянын жыйынтыгы менен толук диагнозу чыгат"

Сокулук райондук ооруканасынын директору Эркинбек Осмоналиев келин оор абалда келгенин "Азаттыкка" ырастады:

"Бизге ишемби күнү оор абалда түшкөн, азыр абалы орточо оор. Күйөөсү сабап, денесинин баары эле көгала, санында бычак сайылган жараат бар. Жармаштырылган тырмактары бар экен, ошолорду жулуп салыптыр. Бети-башында дагы тактар бар. Азыр мээси чайкалган, бөйрөгү жабыркаган деп жатабыз. Эми томографиянын жыйынтыгы чыкса, толук диагнозу белгилүү болот. Бетинде кесиктер жок, көздүн жанына шишик бар".

Ушул жылдын сегиз айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 10 миң 567 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,1% же 2 055 учурга көп (былтыр сегиз айда 8 512 факты катталган).

"Козголгон иштер аягына чыкпай жатат"

"Сезим" кризистик борборунун адиси Сүйүн Курманова зомбулук фактыларынын токтобой жатышын козголгон иштер аягына чыкпай, чыккандарына жеңил жаза берилип жатканы менен байланыштырат:

Сүйүн Курманова

"Бизде пробация, гуманизация дегендин туура эмес колдонулушу таасир этип жатат. Коррупциянын таасири дагы бар. Көп кылмыштар жазасыз калууда. Азыр түрмөгө түшкөндөн деле коркпой калышты. Пробацияны шылтоо кылып же жаза мөөнөтүн кыскартып жиберген учурлар бар. Мисалы, 15 жыл дегени 3, 5 жылда чыгып келип жатышат. Ошондуктан соттолуп кеткенден деле коркпой калышты. Укуктук-мыйзамдык гуманизмдин жабырлануучуга эмес, кылмышкерге колдонулушу таасир этип, жаза өзүнүн деңгээлинде берилбей жатат. Экинчиден, ушундай учур чыкканда бир сыйра ызылдап, резонанс жаралып барып кайра токтоп, кийинкиси чыгып, анан дагы бирөө катталганда бул коомдо көнүмүш болуп кетет экен. Бул ушунусу менен коркунучтуу экен. Мунун деле эң башкы себеби - өзгөчө оор кылмыштардын жазасыз калып жатканы. Киши өлтүргөн адам деле беш жылда чыгып келип атат, сот деле жазалабайт, ушундай кайдыгерлик дагы коомдогу көз карашты калыптандырып жатат".

Зомбулук көргөн келиндин жакындары менен байланыша алган жокпуз. Анын күйөөсү тараптан да эч ким комментарий бере элек.

Соңку мезгилде үй-бүлө зомбулугунан жаш келиндердин өмүрү кыйылган үрөй учурган кылмыштар ачыкка чыккан. Эки жарым жыл аралыгында 34 келин үй-бүлө зомбулугунан ажал тапкан.

Август айынын башында президент Садыр Жапаров “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койгон.

Анда сексуалдык, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адамдарга комплекстүү жардам көрсөтүү, зомбулук жасаган адамдарды жазасыз калтырбоо маселеси камтылган. Анткен менен мыйзам толук иштебей, айыпталуучуларга жеңил жаза берилип жатат деген нааразылыктар дагы жок эмес.