Кошмо Штаттар Израилде Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгышта палестин качкындарына жардам берүү жана ишти уюштуруу агенттигинин (UNRWA) ишмердүүлүгүнө тыюу сала турган мыйзамдын кабыл алынышына “катуу тынчсызданууда”. Бул тууралуу 29-октябрда АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Мэтью Миллер билдирди жана аталган агенттиктин "палестиндерге кызмат көрсөтүүдөгү маанилүү ролун" белгиледи.
"Биз бул мыйзамдан катуу тынчсызданып жатабыз. Ал UNRWA агенттигинин Батыш жээктеги, Газа секторундагы, Чыгыш Иерусалимдеги ишин токтотушу мүмкүн. Бул саламаттыкты сактоо, башталгыч жана орто билим берүү сыяктуу маанилүү кызматтарды алуу үчүн UNRWA агенттигине таянган миллиондогон палестин үчүн коркунуч жаратат", - деп кошумчалады Миллер.
28-октябрда Израилдин парламентинде агенттиктин бул өлкөнүн аймагындагы бардык ишмердүүлүгүнө келерки жылдан тартып тыюу сала турган мыйзам 92 “макул”, 10 “каршы” деген добуш менен кабыл алынган. Мындай чектөөнүн айынан палестин аймактарына да жол буулат, анткени чек ара өтмөктөрүнүн баарын Израил көзөмөлдөйт.
Израилдин мындай аракетине байланыштуу тынчсыздануусун БУУ да, Германия, Франция, Улуу Британия, Канада, Австралия, Жапония жана Түштүк Корея өлкөлөрү да билдирип жатышат.
Израил палестиндерге жардам жеткирүүчү бул агенттиктин ишине тоскоолдук жаратып жатканы буга чейин да айтылып, сынга кабылган. Израил өкмөтү мындай айыптоолордун баарын четке кагып, анын кызматкерлерибылтыркы кандуу кол салууга түздөн-түз катышкандыгынын, террорчуларды калкалагандыгынын далилдери бар экенин айтып, палестиндерге гуманитардык жүктүн өтүүсүнө тоскоолдук жаратпаганын белгилөөдө. (RK)
Дагы караңыз
"Уулумду Орусияга өткөргөнү жатышат". Согуштан качкан кыргыз жигит абакка түштүКиевде дрон чабуулунан тогуз киши, анын ичинен бир бала жараат алдыИнсан таануу: Деги айылыбызга жарытылуу эмне кылыптыр, бу киши? Милициянын видеосун жарыялагандарды жазалоо долбоору артка кайтарылды