Унаа базарынын жанындагы автобекет убактылуу болору айтылды

Унаа базарынын жанындагы убактылуу автобекет. 30-октябрь, 2024-жыл.

Бишкектен батыш тарапты көздөй кетүүчү шаар аралык автоунаалар үчүн Сокулук районундагы РИОМ автобазарынын жанында бөлүнгөн жайдагы автобекет убактылуу иштейт.

Унаа базарынын жанындагы убактылуу автобекет. 30-октябрь, 2024-жыл.

Бул тууралуу Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев 30-октябрда жаңы автобекетке барган кезде журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, Бишкектен Чүйдүн батыш тарабындагы райондоруна, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткенге кетүүчү автоунаалар үчүн туруктуу автобекет Бишкектен аэропортту көздөй бараткан жолдун жээгине курулуп жаткан атайын комплекске көчүрүлөт.

"Ага чейин бул жер убактылуу. Ошентсе да биз шарт түзүп, суу чыгарып, дааратканаларды куруп, жолдорго шагыл төшөлдү, жарык киргизилди. Батыш автобекетинде иштеп жаткан дүкөндөр да ушул жакка көчүрүлдү", - деди мэр.

Мэр Айбек Жунушалиев орун басарлары менен убактылуу автобекетте. 30-октябрь, 2024-жыл.


Бишкектеги Батыш автобекети 23-октябрдан тарта жабылып, бардык каттамдар былтыр жаңы курулган "Бишкек автобекетинен" кетери кабарланган. Шаардык мэрия жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн Батыш автобекетинен Бишкек автобекетине №13 каттамдагы автобус жүргүзүлгөнүн кабарлаган.

Кийинчерээк мэрдин орун басары Жамалбек Ырсалиев Батыш автобекетинен өлкөнүн батыш тарабына жана түштүк аймагына кетүүчү унаалар РИОМ унаа базары менен жаңы ат майдандын жанынан кетерин айтып чыккан.

Соцтармактарда бул багыттарга каттаган таксисттер автобекетте эч кандай шарт жоктугун айтып, нааразы болушкан.

Бишкектин ичиндеги батыш жана чыгыш автобекеттери жабылып, шаар сыртына чыгарылары мурда эле кабарланган.

Бишкектин четиндеги Фучик көчөсүнүн батыш тарабына, Бишкектен аэропортту көздөй бараткан жолдун жээгине Ош базарын, батыш автобекетин камтыган ири комлпекс жайгашары айтылып, анын курулушуна быйыл 5-июлда капсула салынган.

Шаар башкармалыгы Батыш автобекети менен Ош базарын башка жакка көчүрүү менен тыгын көйгөйү чечиле турганын билдирген. (ZKo/GT)

Дагы караңыз

"Уулумду Орусияга өткөргөнү жатышат". Согуштан качкан кыргыз жигит абакка түштү"Өзүнө кол салган". Ишкер Ташовду операциядан кийин абакка которуштуАба ырайы: көпчүлүк аймактарда күн ачык болотКыйноолорго каршы улуттук борбордун жетекчисине байланыштуу депутаттык комиссия түзүлдүСокулукта аялына зомбулук көрсөткөн деп шек саналып күйөөсү кармалды