Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:26

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жетекчисине байланыштуу депутаттык комиссия түзүлдү


Бакытбек Касымкулов
Бакытбек Касымкулов

30-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жетекчисин шайлоонун мыйзамдуулугун аныктоо үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.

Комиссия түзүү өтүнүчүн Кыргызстандын акыйкатчысы Жамийла Жаманбаева парламентке берди. Ал отурумда Кыйноолорду алдын алуу борборунун жетекчисинин шайланышы легитимсиз экенин билдирип, аны иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Жаманбаева укук коргоочу уюмга жетекчи шайлоодо регламент сакталбаганын айтты.

"Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчисин шайлоого катышуучу Кооринациялык кеңешменин 11 мүчөсү бар. Бир орун акыйкатчы катары менин ордум, Жогорку Кеңештин эки депутаты: Гуля Кожокулова жана Мирлан Самыйкожо да ушул кеңешмеде мүчө. Шайлоо болору тууралуу бизге маалымат берилген эмес, мен да катышкан эмесмин, эки депутат да катышкан эмес. Ушундан улам менде Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жетекчисин шайлоо легитимсиз деген шек пайда болду. Анткени шайлоого Координациялык кеңештин сегиз гана мүчөсү катышыптыр, алардын ичинен үч мүчө шек жаратып жатат".

Отурумга катышкан Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакытбек Касымкулов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, акыйкатчынын дооматын четке какты. Ал шайлоого катышкан Координациялык кеңештин мүчөлөрү баары легитимдүү болгонун билдирип, шайлоо мыйзамдуу өткөнүн белгиледи.

"Шайлоого Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова онлайн катышкан. Координациялык кеңешменин башка мүчөлөрү коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, адвокаттар болгон. Шайлоо мыйзамдуу өткөн", - деди Касымкулов.

Жыйынтыгында депутаттык фракциялардан бирден өкүл бөлүнүп, Кыйноолорду алдын алуу борборунун жетекчисинин шайланышын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Ал эми депутаттар Гуля Кожокулова менен Мирлан Самыйкожо мүчө болгон фракциялар депутаттык комиссияга мүчө чыгарбай турганын билдиришти.


Бакытбек Касымкулов Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси болуп августта шайланган. Ал бул кызматка атайын жүргүзүлгөн сынактын жыйынтыгында келгени кабарланган.

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун мурдагы жетекчиси Бакытбек Рысбеков кызматтан мөөнөтү аяктаганына байланыштуу июль айында кеткен. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG