Кыйноолорго каршы улуттук борбор Жайыл районундагы психикалык жактан жабыркаган кыз-келиндер кармалуучу социалдык-стационардык мекемеде адам укуктары одоно бузулуп жатканын билдирди.
Аталган борбордун "Азаттыкка" жиберген маалыматында, укук бузулган көрүнүштөргө 25-октябрда Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкери Жайыл районундагы аялдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемеcине барганда күбө болушкан.
"Кызматкерлер барганда мекемеде 72 аял кармалып турган, бирок анда 64 гана керебет болгон. Керебет жетпегендер жерге жатып жүргөн. Ошондой эле алты аял эмеректери жок, заара ушатуу үчүн чака коюлган ээн бөлмөдө камалып турган. Бөлмөнүн сууктугуна карабай, ал жердеги аялдардын буттары жылаңаяк жана айрым кийимдери жок болгон", - деп жазылган маалыматта.
Социалдык-стационардык мекеменин кызматкерлери бул бөлмө акыл-эсинен жабыркаган, оор абалдагы аялдарды убактылуу обочолоп кармоочу жай экенин түшүндүрүшкөн.
Кыйноолорго каршы улуттук борбор аталган социалдык-стационардык мекеменин кызматкерлеринин ишин андагы майыптыгы бар адамдардын укугун тебелеп, адамгерчиликсиз, катаал мамиле жасашат деп белгилөөдө. Бул фактылар боюнча акт түзүлүп, прокуратура органдарына тапшырылды.
Укук коргоо борбору бул фактылар боюнча иликтөө жүргүзүлүп, тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылууда.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор буга чейин да майыптыгы бар адамдардын укугу көп бузуларын, ага жооптуу адамдар жазасыз калышарын билдирген. Аталган борбор майыптыгы бар адамдар багылуучу социалдык-стационардык мекемелерде шарт жоктугун, суук мезгилде жылытылбасын, тамак-аш жетишсиздигин, эскирген дары-дармектер берилерин мониторинг учурунда аныктаган. Бул фактылар боюнча тиешелүү материалдар прокуратурага жолдонгон.
Кыргызстандагы 17 социалдык-стационардык мекемелерде 2347 адам бар. Алардын 517си майыптыгы бар кары адамдар, 472си балдар интернаттарында тарбияланууда. Калган 1358и психоневрологиялык социалдык стационарларда жатат.
ЮНИСЕФ уюму Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 82% жакындары, карап-баккан адамдары психологиялык кысымга алып, уруп-сабай турганын жылдык баяндамасында билдирген. (ZKo)
Дагы караңыз
Түштүк Корея Москва жана Пхеньян кызматташтыгын "чоң коркунуч" деп атадыAP: Израилдин Иранга соккусунан Шахруддагы ракеталык завод жабыркаган болушу мүмкүнНовосибирскиде мигранттарга жардам берүү борборунун башчысы кармалдыСадыр Жапаров гимнди жаңыртуу заман талабы экенин айтты