Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:35

AP: Израилдин Иранга соккусунан Шахруддагы ракеталык завод жабыркаган болушу мүмкүн


Ирандын радар системасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Ирандын радар системасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Израил Иранга сокку урганда, Ирандын Ислам революциясын коргоо корпусунун (КСИР) Шахруддагы базасына чабуул койгон болушу мүмкүн. Бул тууралуу Associated Press спутниктен алынган сүрөттөргө таянып маалымдады.

Шахруддагы объект баллистикалык ракеталарды өндүрүү жана Ирандын космостук программасын жүргүзүүдө маанилүү элемент катары эсептелет. Иран бийлиги соккунун кесепети тууралуу расмий билдире элек.

Агенттиктин маалыматында, сокку Ирандын коргонуусу жана Израилге каршы туруудагы маанилүү фактору саналган ракета өндүрүшүнө олуттуу зыян келтириши ыктымал.


26-октябрдын таңында Израил армиясы (ЦАХАЛ) Ирандын аймагына абадан сокку урду. Бул Израилге бир жылдан бери Иран жана анын өнөктөштөрү тарабынан жасалып жаткан чабуулдарга жооп экени белгиленди.

Соккудан кийин Ирандын Tasnim агенттиги КСИР объекттеринин эч бири зыянга учурабаганын маалымдаган. Агенттиктин булагы Израил тараптын соккуга 100дөн ашык учак катышканы тууралуу билдирүүлөрү калп экенин айтып, Израил Иранга соккусунун масштабын атайын күчөтүп жатат деген.

Шерине

XS
SM
MD
LG