Иранда теги ирандык немис жараны өлүм жазасына тартылды

Жамшид Шармахд.

Германия немис жарандыгы бар теги ирандык Жамшид Шармахддын өлүм жазасына тартылышын айыптап, Тегеранды “ырайымсыз режим” деп атады. Өлкөнүн тышкы иштер министри Анналена Бербок 28-октябрдагы билдирүүсүндө 69 жаштагы бул адамдын өлүмгө дуушар болушун чечкиндүү түрдө айыптай турганын белгиледи.

“Тегеран режими канчалык ырайымсыз экени дагы бир жолу тастыкталды. Ал өлүмдү өзүнүн эле жаштарына, өзүнүн элине жана чет элдиктерге каршы колдонууда”, - деген Бербок Берлин Тегеранга эгер Германиянын жараны өлүм жазасына тартыла турган болсо, олуттуу кесепеттер жараларын бир нече жолу эскерткенин кошумчалады.

Шармахд өлүм жазасына “Жогорку соттун акыркы тастыкталган өкүмүнөн кийин” тартылганын 28-октябрда Ирандын расмий юстиция порталы Misan кабарлады. Адатта Иранда өлүм жазасы адамды дарга асуу аркылуу ишке ашырылат.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер 28-октябрда: "Биз Иран адамдарды өлүм жазасына ушинтип тартып жатканына каршы экенибизди көптөн бери ачык айтып келе жатабыз, бул адам укуктарын одоно бузуу болуп эсептелет", - деди.

Конституциялык жана адам укуктары боюнча Европа борборунун билдирүүсүндө: "Шармахддын мыйзамсыз уурдалышы, андан кийин камакта кыйноого алынышы, адилетсиз сот процесси жана бүгүнкү өлүм жазасы Иран режиминин сансыз кылмыштарынын үлгүсү", - деп белгиленди.

Ирандык журналист жана инженер-программист Шармахд 2020-жылы “АКШдан Иранга каршы террордук ишмердүүлүк жүргүзгөн, 2008-жылдагы жардырууну уюштурган топтун лидери” деген айып менен кармалган. 2008-жылы Шираз шаарында мечиттеги жарылуудан 14 киши каза болгон, 210 киши жараат алган.

Шармахддын жакындары жана укук коргоочулар ага коюлган айыптын баары негизсиз экенин, териштирүү жана сот жасалма өткөнүн, ал Паркинсон илдетине чалдыккан оорукчан адам экенин айтышкан. (RK)

Дагы караңыз

Кыргызстанда 34 үй-бүлө үстөк пайызсыз насыя алды Президент Жапаров беш кишини генерал наамынан ажыраттыТоктогул суу сактагычына 13,201 млрд метр куб суу топтолдуУлуттук банк эсептик ченди өзгөртүүсүз калтырды