Футбол боюнча Испания курама командасынын жана англиялык “Манчестер сити” клубунун жарым коргоочусу Родри (Родриго Эрнандес) 2023-2024 сезонунун жыйынтыгында “Алтын топту” жеңип алды. Франциянын France Football журналынын сыйлыктарын тапшыруу аземи 29-октябрга караган түнү Парижде өттү.
Родри Мадриддин “Реал” жана Бразилия курама командасынын чабуулчусу Винисиус Жуниорду озуп чыгып, France Football журналынын версиясы боюнча дүйнөнүн эң мыкты футболчусу деп таанылган англиялык клубдун тарыхындагы биринчи оюнчу болуп калды.
28 жаштагы Родри быйыл Испания менен Европа чемпионатын жеңип, мелдештин эң мыкты оюнчусу деп табылган. Андан тышкары “Манчестер сити” менен Англия чемпионатын уткан.
“Реал” 2023-2024 сезонунун мыкты клубу, анын машыктыруучусу Карло Анчелотти “Мыкты машыктыруучу” сыйлыгын жеңди. Бирок сыйлыктарды тапшыруу аземине “Реалдын” бир да өкүлү келген жок. Мадриддик клуб Винисиус “Алтын топту” албайт деген маалыматтан кийин ушундай чечим кабыл алган.
Бул жолу “Алтын топ” Винисиуска бериле турганы айтылып жаткан. Сыйлык тапшырылар күнү гана Родри утуп кеткени белгилүү болду.
“Алтын топ” сыйлыгы 1956-жылы негизделген. Дүйнөнүн эң мыкты футболчусун 180 футбол эксперти тандашат. (BTo)
Дагы караңыз
28-октябрь: Жумгалда ата-баланы издөө иши күчөтүлөт, Грузияда оппозициянын митинги өттү Иран: Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган Наргиз Мохаммади түрмөдөн ооруканага которулду Грузияда шайлоо жыйынтыгына каршы митингге миңдеген киши катыштыӨзбекстан Ооганстанга жаңы элчи дайындадыКыргызстан Кытайдын туристтик топтору үчүн визасыз режим киргиздиБашкы прокуратура: Быйыл 69 жаран Кыргызстанга экстрадицияланды