Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:05

28-октябрь: Жумгалда ата-баланы издөө иши күчөтүлөт, Грузияда оппозициянын митинги өттү


Жумгалдын Өрнөк айылындагы ата-баланы суу жээктеринен издеп жатышат. 27-октябрь, 2024-жыл.
Жумгалдын Өрнөк айылындагы ата-баланы суу жээктеринен издеп жатышат. 27-октябрь, 2024-жыл.

28-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Үч өлкөнүн темир жолунун курулушу ноябрда башталары айтылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл ноябрь айында башталарын билдирди. Ал июнь айында темир жолдун курулушу быйыл 25-августта башталарын айткан. Бирок эмне себептен жылып кеткени белгисиз. 2024-жылы 6-июнда Бээжин шаарында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, долбоорду каржылоо маселеси чечилген. Жогорку Кеңеш макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун 19-июнда кабыл алып, президент Садыр Жапаров ага 27-июнда кол койгон. “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорунун наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн. Мунун жарымын – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга (БДК) насыя катары берет.

Кыргызстан Кытайдын туристтик топтору үчүн визасыз режим киргизди

Кытайдан Кыргызстанга келе турган туристтик топтор үчүн 21 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Кытай - Борбор Азия” XI кызматташтык форумунун алкагында Бүткүл кытайлык аялдар федерациясынын төрайымы Шэнь Юэюэ менен болгон жолугушууда билдирди. Кыргызстан буга чейин Кытайдын бир катар аймактарынын тургундарына визасыз режим киргизген. Ага ылайык, Макао жана Гонконг атайын администрациялык райондорунун туруктуу жашоочулары кайра кеткенге авиабилети болгон учурда 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз Кыргызстанда жүрө алышат.

Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштери күчөтүлдү

Президент Садыр Жапаров мал кайтарганы кетип, дайынсыз болуп жаткан Жумгалдын Өрнөк айылынын тургундарын издөө иштерин күчөтүү тапшырмасын берди. 45 жаштагы Болот Карыпбеков жана анын тогуз жаштагы баласы 16-октябрдан бери дайынсыз болууда. Жакындары аларды 18-октябрдан тарта издей баштап Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 19-октябрда кайрылган. Өрнөк Көкөмерен суусунун жээгинде жайгашкан айыл. Көкөмерен шар агып, Тогуз-Торо районунан Нарын дарыясына кошулат. Дарыянын Жумгал району тараптан өткөн бөлүгү чоң болгондуктан адам өмүрүн алган кырсык көп эле болгон.

Өлкөдө 9 айда жол кырсыгынан 505 адам каза болду

Кыргызстанда ушул жылдын 9 айында 5049 жол кырсыгы катталып, андан 505 адам каза болду. Дагы 7408 киши ар кандай жаракат алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Байгазы Айткул уулу билдирди. Анын сөзүнө караганда, жол кырсыктарынын 41,5% автоунаалар бири-бири менен сүзүшкөн. 35,9% машинелер жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Кыргызстанда 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы болуп, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан.

Кыргызстанда сербиялык эки жаран кармалганы маалым болду

Бишкектин Биринчи май райондук соту бул маалыматты ырастап, алардын иши жашыруун каралып жатканын билдирди. Мекеме чет элдиктер качан жана кандай жагдайда кармалганын, аларга кандай айып коюлганын айткан жок. Буга чейин blic.rs жана radar.nova.rs сыяктуу бир катар Сербиянын маалымат каражаттары Белград университетинин окутуучусу, профессор Александр Симонович жана буга чейин Сербиянын коргонуу тармагындагы ишканаларында жетекчилик кызматтарда иштеген Младен Петкович Кыргызстанда кармалганын жазып чыккан. Анда эки серб жараны Кыргызстанга иш сапары менен барып, 19-сентябрдан бери дайыны чыкпаганын, кийинчерээк камакка алынганы белгилүү болгонун жазган. Ошондой эле сот иштери ноябрь айында башталары белгиленген.

НАТО Түндүк Кореянын аскерлери Орусиянын Украина менен чектеш тилкесиндеги Курск облусуна жеткени анык экенин ырастады

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте мындай кадамды Орусиянын Украинага каршы толук масштабдуу согушундагы “олуттуу эскалация” деп атады жана орус президенти Владимир Путиндин согушта 600 миңден ашуун аскерин жоготкондон кийин “айласы куруп жаткандыгынын” белгиси экенин айтты. Украинанын Аскердик чалгын кызматы түндүк кореялык аскерлердин алгачкы бөлүктөрү Орусиянын Курск облусуна жайгаштырылганын 24-октябрда маалымдаган. Кошмо Штаттар Түндүк Корея Орусияга 3 миң аскерин жөнөткөнүн билдирген жана Москвага согушууга түздөн-түз жардам көрсөтүп жатканы үчүн Пхеньян тийиштүү кесепеттерге кабылышы ыктымал экенин эскерткен. Орусиянын президенти Владимир Путин 24-октябрда Түндүк Кореянын аскерлери Орусияга барганы тууралуу суроого жооп бергенде, аталган өлкө менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим бар экенин белгилеп, “эмне кылсак да өзүбүз билебиз” деген.

Грузияда оппозициянын шайлоонун жыйынтыгына каршы митинги өтүүдө

Тбилисиде акцияга өлкө президенти Саломе Зурабишвили катышууда. Дүйшөмбүнүн кечинде акцияга чыгууга грузиялыктарды президент өзү чакырып, добуш берүүнүн жыйынтыгы "Грузин кыялынын" пайдасы үчүн "толук бурмаланганын" белгилеген. 26-октябрда бийликти орусиячыл олигарх Бидзина Иванишвилинин “Грузин кыялы” партиясы башкарып турган Грузияда парламенттик шайлоо өттү. Соңку расмий маалыматка караганда, аталган партия добуштардын 53,92% алды, оппозицияга 38% тийди. Бийлик шайлоо таза өткөнүн, ал эми оппозиция жана өлкө президенти добуш берүү мыйзам бузуу менен коштолгонун айтып, жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип жатышат. Шайлоого 102 жергиликтүү жана 64 эл аралык байкоочу көз салды. ЕККУнун байкоочулары шайлоо эл аралык демократиялык принциптерге толук шайкеш келбеген деңгээлде өткөнүн айтышты.

Орусияда мигранттар тобу кармалып, "геномдук каттоого" алынды

Красноярск крайында Тергөө комитетинин жана аскердик комиссариаттын кызматкерлери кезектеги рейди учурунда Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан республикаларынын 244 жаранын кармап кеткени, алардын 229унан “федералдык базага кошуу үчүнгеномдук маалыматын алууга материал чогултканы” кабарланды. Орусиянын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Геномдук маалымат федералдык базасы 2009-жылы түзүлгөн. 2008-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, ага оор же өзгөчө оор кылмыш кылгандардын, шектүүлөрдүн жана дайынсыз жоголгондорду табуу үчүн алардын жакындарынын генетикалык анализи топтолчу.

XS
SM
MD
LG