Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:58

Өзбекстан Ооганстанга жаңы элчи дайындады


Ойбек Усманов.
Ойбек Усманов.

Өзбек өкмөтү Ооганстандагы элчилигинин башчысын алмаштырып, бул кызматка Ойбек Усмановду дайындаганын 28-октябрда "Азаттыктын" өзбек кызматы жазды. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Усманов Кабулдагы элчи болуп 2012-жылдан бери иштеп келген Ёдгорхожа Шадмановдун ордуна дайындалды.

62 жаштагы Усманов элчилик кызматтарга өткөнгө чейин, 2011-2012-жылдары, министрдин орун басары болуп иштеген, соңку төрт жылдан бери Пакистандагы элчиликти башкарды.

10-октябрда өзбек тышкы саясат мекемеси Өзбекстанда Ооганстандын жаңы дайындаган элчиси Абдула Гаффар Терави ишке киришкенин маалымдаган.

АКШнын Ооганстанда "Талибанга" каршы согушу 2001-жылдын 11-сентябрындагы Кошмо Штаттардагы ири террордук актыдан кийин башталып, 2021-жылдын августунда жыйынтыкталган. Ооганстандын көпчүлүк бөлүгүн, анын ичинде борбор калаа Кабулду кайрадан өз көзөмөлүнө алган талибдер жаңы "Ооганстан ислам эмираты" түзүлгөнүн жарыялашкан. Азыркы тапта "Талибанга" 39 өлкөдөгү элчилик баш ийип иштөөдө.

Ооганстан менен түштүк тарабынан 144 чакырымдай чек аралаш Өзбекстан өзүндөгү элчиликти талибдер башкарган ооган өкмөтүнө быйыл февраль айында тапшырган.

Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган.

Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирип келген. Быйыл 6-сентябрда кыргыз тышкы саясий мекемеси "Талибанды" "кара тизмеден" чыгарганын ырастап, "Бул чечим аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду улантууга багытталган" деп билдирди. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG