Грузияда шайлоо жыйынтыгына каршы митингге миңдеген киши катышты

Тбилиси. 2024-жылдын 28-октябры.

Грузиянын борбор калаасы Тбилисиде 28-октябрдын кечинде миңдеген киши көчөгө чыгып, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирди. Тынч митингге чогулууга грузиялыктарды өлкө президенти Саломе Зурабишвили 26-октябрдагы добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин чакырган.

Бүгүн да парламенттин башкы имаратынын жанына чогулгандар алдына сүйлөгөн сөзүндө Зурабишвили:

"Сиздер, бул жерде чогулгандар, утулган жоксуздар! Сиздердин добушту уурдашты, алар сиздердин келечекти да уурдоого аракет кылышты. Бирок андайга эч кимдин укугу жок. Сиздер эч кимге андай укук бербейсиздер", - деп айтып, өлкөнүн европалык өнүгүүгө карай жолунда эли менен аягына чейин турарын белгиледи.

Грузияда болуп жаткан окуялар тууралуу маалымдоо үчүн бир күндө эл аралык 17 жалпыга маалымдоо каражатына интервью бергенин, алты президент менен жана тышкы иштер министрлери менен сүйлөшкөнүн айткан мамлекет башчы Европанын, АКШнын колдоосу бекем экенин кошумчалады.

Шайлоодогу бурмалоонун баары бир да суроо жоопсуз калбагыдай аягына чейин кылдат иликтениши зарылдыгын белгилеген Зурабишвили буга жергиликтүү байкоочулар, саясий партиялар жардам берерин, жер-жерлерде эмне болгонун өз көзү менен көргөн шайлоочулардын да далилдери көп экенин, андыктан элден да колдоо керек экенин айтты.

"Бул биринчи кадам. Саясий партиялар планы кандай экенин айтып беришет деп ишенем. Биз өзүбүзгө эмне таандык болсо, ошонун баарын, сиздердин добуш берүүгө болгон конституциялык укугуңуздарды тынч коргойбуз", - деди Зурабишвили.

27-октябрда ал «Биз орустардын атайын операциясы дейбизби, биздин элибизге, биздин өлкөбүзгө каршы жаңы гибриддик согуштун күбөсү жана курмандыгы болдук», – деп жарыялаган.

26-октябрда бийликти орусиячыл олигарх Бидзина Иванишвилинин “Грузин кыялы” партиясы башкарып турган Грузияда парламенттик шайлоо өттү. Соңку расмий маалыматка караганда, аталган партия добуштардын 53,92% алды, оппозицияга 38% тийди.

Бийлик шайлоо таза өткөнүн, ал эми оппозиция жана өлкө президенти добуш берүү мыйзам бузуу менен коштолгонун айтып, жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип жатышат.

Шайлоого 102 жергиликтүү жана 64 эл аралык байкоочу көз салды.ЕККУнун байкоочулары шайлоо эл аралык демократиялык принциптерге толук шайкеш келбеген деңгээлде өткөнүн айтышты.

Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн азыр "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Орусиячыл партия Москваны Украинага каршы согушу үчүн айыптаган, бирок санкция жарыялоодон баш тарткан. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адам жүрүшкө чыкканда ага аталган партия катышкан эмес. 2023-жылы 14-декабрда Европа Биримдигинин Кеңеши Грузияга бул биримдикке мүчө болууга расмий түрдө талапкер макамын берген. Бирок андан бери Орусияныкына окшогон бир нече чечим кабыл алынгандан кийин грузин бийлиги Батыштагы өнөктөштөрүнүн сынына кабылган. (RK)

Дагы караңыз

Иран: Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган Наргиз Мохаммади түрмөдөн ооруканага которулду 28-октябрь: Жумгалда ата-баланы издөө иши күчөтүлөт, Грузияда оппозициянын митинги өттү Өзбекстан Ооганстанга жаңы элчи дайындадыКыргызстан Кытайдын туристтик топтору үчүн визасыз режим киргизди