Кыргызстанда ушул жылдын 9 айында 5049 жол кырсыгы катталып, андан 505 адам каза болду. Дагы 7408 киши ар кандай жаракат алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Байгазы Айткул уулу билдирди.
Анын сөзүнө караганда, жол кырсыктарынын 41,5% автоунаалар бири-бири менен сүзүшкөн. 35,9% машинелер жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен.
Өлкөдө акыркы күндөрү эле үрөй учурган бир катар автокырсыктар болду. 23-октябрда Талас шаарындагы №4 мектептин жанында автоунаа каршы тилкеге чыгып, жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Андан 31 жаштагы келин жана анын кызы менен уулу мүрт кеткен.
Кыргызстанда 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы болуп, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан. (BTo)
Дагы караңыз
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты: Карачев менен Токтомамбетов күмүш алдыБолгариядагы шайлоо: Бир дагы партия көпчүлүк добушту ала албайт Болгария: Соңку төрт жылда жетинчи жолу парламенттик шайлоо өтүп жататГрузин президенти шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартты Газа: ЦАХАЛдын соккусунан ондогон киши өлгөнүн дарыгерлер кабарладыЖумгалда 10 күндөн бери дайынсыз болгон ата-баланы издөө уланууда