Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:56

Грузин президенти шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартты


Саломе Зурабишвили
Саломе Зурабишвили

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили жекшембинин кечиндеги басма сөз жыйынында парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын тааныбай турганын айтты.

Зурабишвили шайлоонун жыйынтыгын таануу "Орусиянын келиши жана Грузиянын баш ийүүсү" деп белгиледи. "Мен бул өлкөгө ушул үчүн келген эмесмин. Биздин ата-бабалар ушул үчүн жашаган эмес, биз муну менен келише албайбыз. Грузиянын Европадагы келечегин эч ким тартып ала албайт", – деди грузин президенти.

Ал добуш берүүнүн жыйынтыгын "Грузин кыялынын" пайдасы үчүн «толук бурмаланды» деп, оппозициянын тарапташтарын дүйшөмбүнүн кечинде митингге чыгууга үндөдү.

«Биз орустардын атайын операциясы дейбизби, биздин элибизге, биздин өлкөбүзгө каршы жаңы гибриддик согуштун күбөсү жана курмандыгы болдук», – деп Зурабишвили сөзүн аяктады.

Бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы орусиячыл позицияда деген айыптоолорду четке кагып, Москва менен тил табыша алган, тынчтыкты жактаган күч катары көрсөтөт.

2018-жылы "Грузин кыялынын" колдоосу менен шайланган Зурабишвилинин президенттик мөөнөтү быйыл соңуна чыгат. Жогорку кызматты аркалаган маалда Зурабишвили бийликтеги партиядан оолак болуп, президенттик институтту "өлкөдөгү жападан жалгыз көз карандысыз институт" деп атаган.

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды 100% санап бүтүп, жыйынтыгын жекшембиде жарыялады. Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы 54,09% добуш алды.

Оппозициялык күчтөр:

  • "Өзгөрүүлөр үчүн коалициясы" – 10.92%;
  • "Биримдик - улуттук кыймылы" – 10.12%;
  • "Күчтүү Грузия" – 8.78%;
  • "Гахария - Грузия үчүн" – 7.76%

Шайлоого жалпы 18 партия катышып, калгандары 5% босогодон өтпөй калды.

XS
SM
MD
LG