Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:26

Газа: ЦАХАЛдын соккусунан ондогон киши өлгөнүн дарыгерлер кабарлады


Газанын түштүгүндөгү Хан-Юнис лагеринин сокку тийгенден кийинки көрүнүшү, 25-октябрь, 2026-жыл
Газанын түштүгүндөгү Хан-Юнис лагеринин сокку тийгенден кийинки көрүнүшү, 25-октябрь, 2026-жыл

27-октябрда Израил армиясынын (ЦАХАЛ) соккусунан анклавда кеминде 45 палестин набыт болгонун, алардын көбү түндүк тарапта экенин Палестин автономиясынын саламаттык сактоо мекемеси билдирди. Ушул тапта бир жыл мурун башталган согуштуу токтотуу аракеттери кайра жанданды.

АКШнын Борбордук чалгын кызматынын (Центральное разведывательное управление - ЦРУ) жана Израилдин чалгын кызматы “Моссаддын” жетекчилери Дохада Катардын премьер-министри менен жолугарын сүйлөшүүлөрдөн кабары бар булак билдирди.

Сүйлөшүүлөрдө ок атууну кыска мөөнөткө токтотуп, ХАМАСтын (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган топ) барымтасындагы айрым туткундарды Израилдин турмөлөрүндөгү палестиндерге айырбаштоо маселеси талкууланат.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тилкенин аймагынан Израилге чабуул койгондо 1200 киши мерт кеткен, 200дөн ашуунун жоочулар барымтага алган. Израил армиясы ошондон кийин ачкан согушта Газада 43 миңден ашуун киши каза тапканын радикал топ башкарган анклавдын саламаттыкты сактоо мекемеси билдирди.

Тилке кыйроолорго учурап, ооруканалар, окуу жайлар баш болгон жарандык инфраструктура, турак жайлар урандыларга айланды, миллиондогон кишиге улам-улам жер которууга туура келди. БУУнун маалыматы бонча 3,3 миллион палестиналык гуманитардык жардамга муктаж, алардын 1,5 миллиону жашы жетелек балдар.

XS
SM
MD
LG