Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты: Карачев менен Токтомамбетов күмүш алды

Орозобек Токтомамбетов. Архив сүрөт.

Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында 57 кг салмакта Абдымалик Карачев жана 74 кг салмак ченинде Орозобек Токтомамбетов эркин күрөштөн күмүш медал алышты.

Абдымалик Карачев 1/8 финалда кытайлык балбанды 9:4 эсебинде жеңип чейрек финалга чыгып, АКШлык атаандашын 1:1 эсебинде утту. Жарым финалда ирандык Али Носсейинди 4:3 эсебинде жеңип, финалда индиялык спортчу Чираг Чирагга 3:4кө утулуп калды.

Орозобек Токтомамбетов 1/8 финалда Жабраил Гаджиевди 4:1, чейрек финалда түркиялык Исмет Чифтчини 11:0го, жарым финалда орусиялык Исмаил Ханиевди 1:1 эсебинде уткан. Финалда жапониялык Кота Такахасиге 3:1ге жеңилип калды.

23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында кыргызстандык дагы бир балбан Билал Шарип уулу 65 кг салмакта коло тагынды. (BTo)

Дагы караңыз

Болгариядагы шайлоо: Бир дагы партия көпчүлүк добушту ала албайт Болгария: Соңку төрт жылда жетинчи жолу парламенттик шайлоо өтүп жататГрузин президенти шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартты Газа: ЦАХАЛдын соккусунан ондогон киши өлгөнүн дарыгерлер кабарладыЖумгалда 10 күндөн бери дайынсыз болгон ата-баланы издөө уланууда