Украина жана Орусия дрон чабуулдары болгонун маалымдады

Киев. Украина. Иллюстрациялык сүрөт

27-октябрга караган түнү Орусиянын аскерлери Киевге ондогон дрондор менен чабуул койду. Алардын баары абада жок кылынганын аймактын администрация башчысы Сергей Попко маалымдады. Анын сөзүнө караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Сумы облусунун Ромен районунда энергетикалык обьектилер аткылоого кабылганын облустук администрация маалымдады. Жалпысынан түндө облус аймагы 27 жолу аткыланган.

Днепрде 27-октябрь Аза күтүү күнү деп жарыяланды. 25-октябрдагы аткылоодон беш киши мерт болуп, 21 адам жарадар болгон.
Жалпысынан 27-октябрга караган түндө Украинанын аймагына 80 ирет учкучсуз учактар менен чабуул жасалган. Украин аскер-аба күчтөрү 41 дрон жок кылынганын, анын басымдуу бөлүгү Одесса жана Киев облустарында атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Орусиянын Коргоо министрлиги жекшембиге караган түндө украиндердин 51 дрону атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Анын 18и Тамбовдо, 16сы Белгороддо, ал эми Липецк, Брянск жана Орлов облустарында төрттөн учкучсуз учак жок кылынган.

Белгород облусунун Варваровка кыштагында учкучсуз учактын чабуулунан бир адам жарадар болгонун аймактын башчысы Вячеслав Гладков билдирди.

Тамбовдун губернатору дрон чабуулунан улам өрт чыкканын маалымдап, бирок кандай обьект өрттөнгөнүн ачыктаган жок. ASTRA каналы жергиликтүү элдин маалыматына таянып, өрт Новоникольское кыштагындагы "Транснефть-Дружба" станциясында чыкканын жазды. Басылманын маалымдашынча, бул кыштакта "Мичурин мунай иштетүүчү заводу” жайгашкан.

Дагы караңыз

Күн Чыгыш: Корей өлкөлөрүнүн Путиндин режиминин Украинага каршы баскынчыл согушуна карата кайчы турумдарыТИМ: Ирандагы чабуулда жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок «Грузин кыялы» 54% ашуун добуш алганын БШК билдирдиӨзбекстанда парламенттик шайлоо өтүп жататТугунбулак жана Ташбулак. Борбор Азиядагы белгисиз шаарлар