"Грузин кыялы" жеңгенин, оппозиция митингге чыгарын жарыялады

Жергиликтүү шайлоо комиссияларынын бири, 26-октябрь, 2024-жыл

Грузияда 2012-жылдан бери өлкөнү башкарган "Грузин кыялы" партиясы дагы төрт жылдык мөөнөттү көздөп турат. Шайлоого катышкан оппозициялык күчтөр "добуштар уурдалганын" билдирип, ал үчүн бийликтеги партияны күнөөлөп жатат.

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды 100% санап бүтүп, жыйынтыгын жарыялады. Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы 54,09% добуш алды.

Оппозициялык күчтөр:

  • "Өзгөрүүлөр үчүн коалициясы" – 10.92%;
  • "Биримдик - улуттук кыймылы" – 10.12%;
  • "Күчтүү Грузия" – 8.78%;
  • "Гахария - Грузия үчүн" – 7.76%

Шайлоого жалпы 18 партия катышып, калгандары 5% босогодон өтпөй калды.

Грузин президенти шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартты

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили жекшембинин кечиндеги басма сөз жыйынында парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын тааныбай турганын айтты.

Зурабишвили шайлоонун жыйынтыгын таануу "Орусиянын келиши жана Грузиянын баш ийүүсү" деп белгиледи. "Мен бул өлкөгө ушул үчүн келген эмесмин. Биздин ата-бабалар ушул үчүн жашаган эмес, биз муну менен келише албайбыз. Грузиянын Европадагы келечегин эч ким тартып ала албайт", – деди грузин президенти.

Саломе Зурабишвили

Ал добуш берүүнүн жыйынтыгын "Грузин кыялынын" пайдасы үчүн «толук бурмаланды» деп, оппозициянын тарапташтарын дүйшөмбүнүн кечинде митингге чыгууга үндөдү.

«Биз орустардын атайын операциясы дейбизби, биздин элибизге, биздин өлкөбүзгө каршы жаңы гибриддик согуштун күбөсү жана курмандыгы болдук», – деп Зурабишвили сөзүн аяктады.

2018-жылы "Грузин кыялынын" колдоосу менен шайланган Зурабишвилинин президенттик мөөнөтү быйыл соңуна чыгат. Жогорку кызматты аркалаган маалда Зурабишвили бийликтеги партиядан оолак болуп, президенттик институтту "өлкөдөгү жападан жалгыз көз карандысыз институт" деп атаган.

Оппозициянын айыптоосу

Оппозициялык лидерлер шайлоонун расмий жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялап, шайлоо өнөктүгүндө жана добуш берген күнү көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун билдирди. Шайлоого көз салган бейөкмөт уюмдар дагы бурмалоо, зордук-зомбулук, административдик ресурсту колдонуу, шайлоочуларды сатып алуу фактыларын белгилешти.

«Күчтүү Грузия» партиясынын лидерлеринин бири Мамука Хазарадзе "Грузияны Орусия үчүн дая рдап жатышат, бирок ал ишке ашпайт" деп жазды.

Мамука Хазарадзе

«Эмне болгону толук түшүнүктүү. Бидзина КГБнын атайын операциясын ишке ашырды. Шайлоонун жыйынтыгын жапырт бурмалоо менен алар элдин добушун менчиктештирип алып, өлкөнү Орусияга даярдап жатышат. Ал ишке ашпайт! Мен мындай жалган ишти кабыл албайм. Эч качан!" - деп Хазарадзе социалдык тармакка жазды.

Учурда түрмөдө отурган экс-президент Михаил Саакашвилинин «Биримдик – улуттук кыймылы» шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын анын лидери Тина Бокучава билдирди.

Тина Бокучава

«Грузиянын Боршайкому Иванишвилинин бузуку буйругун аткарды. Биримдик- улуттук кыймылы» өзгөчө кырдаал режимине өтөт», - деди Бокучава чукул өткөрүлгөн жыйында.

Экс-премьер Георгий Гахария Грузиянын БШКсы жарыялаган жыйынтык жарандардын эркин чагылдырбай турганын айтты.

Георгий Гахария

«Биздин жарандардын тандоосун, Европадагы келечегибизди жана шайлоо институтун коргоого багытталган каршылык көрсөтүүнүн акыл-эстүү формаларына көңүл бурушубуз керек", - деди "Гахария - Грузия үчүн" партиясынын лидери.

«Күчтүү Грузия» коалициясы дагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын анын лидерлеринин бири Анна Долидзе айтты.

Нино Долизде

«Боршайком жыйынтыкты шашылыш түрдө чыгара салганына нааразыбыз. Жыйынтык грузин элинин эркин көрсөтпөйт. Бул сандар Грузиядагы тарыхый шайлоого каршы келет. Биз грузин элинин демократиялык жана европачыл тандоосун коргоо үчүн бардык мыйзамдуу жолдор менен ар бир добуш үчүн күрөшөбүз».

«Өзгөрүүлөр үчүн коалициясынын» лидери Ника Гварамия «Грузин кыялы» партиясын «конституциялык төңкөрүш жасап жатат» деп айыптады.

Ника Гварамия (солдон экинчи)

«Добуштарды бурмалоо схемасынын бети ачылды, коомчулук толук маалыматты 27-октябрда билет. Шайлоо уурадалды. Бул конституциялык төңкөрүш, «Грузин кыялы» анын автору жана Грузиянын мыйзамында каралгандай жопкерчиликке тартылат. Добуштарды уурдаган схеманын бетин ачтык», - деди Гварамия.

Жарандык сектор: Шайлоо күнү одоно мыйзам бузуулар болду

Шайлоого көз салган Transparency International уюмунун Грузиядагы бөлүмү, “Адилет шайлоо”, Жаш юристтер ассоциациясы, жергиликтүү бейөкмөт уюмдар көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун билдирип, Боршайкомдун алдын ала жыйынтыгына ишенимди азайтты.

«Сенин добушуң» деп аталган бейөкмөт уюмдун өкүлү Лонда Толорая добуш берүү электрондук эмес, эски система менен өткөн 10 бекетте бюллетендерди топтому менен салгандар болгонун билдирди.

Ал жалпысынан Грузиядагы шайлоо “одоно мыйзам бузуулар” менен өткөнүнө токтолду:

“Шайлоодо добуштарды бурмалоо үчүн комплекстүү схема иштелип чыккандай. Шайлоочунун тек-жайын текшерген системаны үзгүлтүккө учуратуу, маркерлөө процессин бузуу, шайлоочулардын тек-жайын таанууда байкоочуларга тосккоолдук жаратуу, түшкө чейин шайлоочуларга эки же анан көп бюллетендер жапырт берилген жерлер болду. Ошондой эле бюллетенде башкаруучу партияны белгилеп койгон учурлар кездешти. Шайлоо алдында добуш берүүчүлөрдүн документтерин чогултуп алып, жеке маалыматтарды топтоо – ушул схеманы ишке ашыруу үчун колдонулду. Мына ушундай бурмалоолор башкаруучу партияга чечүүчү сандагы добуш алууга мүмкүнчүлүк берди".

Жергиликтүү байкоочулар Тбилиси, Кутаиси, Рустави, Батуми сыяктуу чоң шаарларда оппозиция бир топ айырма менен алдыга чыкканын белгилешет.

«Грузин кыялы» 70% ашуун добушту Гардабани, Марнеули, Болниси, Дманиси, Ахалкалаки, Ниноцминда сыяктуу башкаруучу саясий күчтөрдүн таасири чоң аймактардан алган.

Эл аралык байкоочулардын баасы

Тбилисидеги басма сөз жыйынында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) миссиясы добуш берүү өтө чыңалган кырдаалда өткөнүн, купуя добуш берүү принциптери бузулганын белгиледи.

«Айрыкча мамлекеттик кызматкерлерге шайлоо күнү басым-кысым болгонун белгилейм. Бул шайлоочулардын канчасы репрессиядан коркуп добуш берди деген шектенүүнү туудурат. Коркутуу жана басым-кысым шайлоочуларга тескери таасир этип, жалпысынан жараянга зыянын тийгизгени тууралуу маалыматтар түштү», - деген баасы менен ЕККУнун миссиясынын жетекчиси Паскал Ализар бөлүштү.

Ализар Грузиянын жаңы шайланган бийлиги өлкөнүн алдында турган жооптуу милдеттерди ишке ашырат деген ишенимин да айтты.

Европарламенттин делегация башчысы Антонио Лопес-Истурис Уайт шайлоодогу “мыйзам бузуулар иликтениши керек” деп, добуш берүү маалында эмнеге күбө болушканына токтолду.

"Eвропарламенттин делегациясы айрым шайлоо бекеттеринде чыңалууну, баш-аламандыкты көрдүк. Бир жерде бюллетендер тобу менен ташталганына, мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүгө аракеттенген байкоочуларга зордук-зомбулук көрсөтүлгөнүнө, байкоочуларды жана журналисттерди шайлоо бекеттеринен сыртка чыгарууга, байкоочулардын суроо-талаптарын тытып салып, шайлоочулардын ичте жана сыртта коркутууга кабылганына, өздөрүн жарандык байкоочулар катары көрсөткөн көпчүлүк партиялардын өкүлдөрү жүргөнүнө күбө болдук. Мындан тышкары купуя добуш берүү такай сакталган жок", - деди Европарламенттин өкүлү.

Дагы караңыз Шайлоо: Грузия Европага ыктайбы же Орусиягабы?

Шайлоого жалпы 18 партия катышты. Негизги атаандаштык бийликте турган “Грузин кыялы” менен бир нече партиядан түзүлгөн оппозициянын ортосунда жүрдү.

Шайлоо өнөктүгү маалында бийликтеги партия жарандар тынчтыкты же согушту тандарын белгилеп, эгер оппозиция жеңип келсе, Грузияны "Орусияга каршы согушка сүйрөйт" деп элди коркутту.

Оппозиция Грузиянын азыркы бийлигин “өлкөнү эл аралык изоляцияга түртүп жатканы жана Кремлге ыктаган саясаты үчүн” айыптайт. Оппозициялык күчтөр “элге кам көрүү, коррупцияга каршы күрөш, Евробиримдикке жана НАТОго мүчө болуу, өлкөнүн Орусиянын таасиринде калуусуна жол бербөө” деген максатта шайлоого аттанган.

Бул жолу шайлоочулардын 50% ашууну добуш бергенин БШК билдирди.