Тегеран БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылууда

Амир Саид Иравани

Тегеран Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешине төрагалык кылып жаткан Швейцарияны Израилдин Иранга кол салуусуна байланыштуу кезексиз жыйын чакырууга үндөдү.

Ирандын БУУдагы атайын өкүлү Амир Саид Иравани Коопсуздук кеңешине жолдогон катында, Израилдин “мыйзамсыз жана агрессиялык аракети” Ирандын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө шек келтирери жана “БУУнун уставын жана эл аралык укуктарды одоно бузууга жатарын” белгилеген.

Ирандын абадан коргонуу күчтөрү Израилдин снаряддарынын көпчүлүгү жок кылынганы кабарланган. Иравани жана Тегерандагы башка лидерлер соккудан төрт офицер мерт кеткенин маалымдашты.

Иравани ошондой эле Иран Коопсуздук кеңешинин төрагасынан “кылмыштуу режимдин жоопкерчилигин кароо үчүн чукул жыйын чакырууну” өтүнгөнүн кошумчалады.

Израил 26-октябрдын таңында Ирандын аймагына абадан сокку урду. Бул Израилге бир жылдан бери Иран жана анын өнөктөштөрү тарабынан жасалып жаткан чабуулдарга жооп экени белгиленди.

Дагы караңыз

ТИМ: Ирандагы чабуулда жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок WP АКШ президенттигине талапкерлерди колдобосун маалымдады"Грузин кыялы" 53% добуш алды. Оппозиция шайлоону сындады Днепрде жана Киевде орусиялык күчтөрдүн соккусунан төрт киши каза тапты