Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:19

WP АКШ президенттигине талапкерлерди колдобосун маалымдады


The Washington post гезитинин редакциясы. Иллюстрациялык сүрөт
The Washington post гезитинин редакциясы. Иллюстрациялык сүрөт

Америкалык миллиардер Жефф Безоско таандык The Washington Post басылмасы АКШ президенттигине демократтардын талапкери Камала Харристи колдогон макала жарыялоодон баш тартты.
Басылма президенттик шайлоодо бир да талапкерди – Харристи да, Трампты да колдобосун билдирди. Ошол эле учурда The Washington Post редакция талапкер Харристи колдогон макала даярдаганын, бирок гезиттин ээси аны жарыялабоону чечкенин жазды.

Басылманын башкы директору Уильям Льюис гезиттеги “Пикир” рубрикасына жазган макаласында мындан ары The Washington Post президенттик шайлоолордо бир да талапкердин таламын талашпасын билдирди. Анын сөзүнө караганда, гезит мурдагы убактагыдай президенттикке талапкерлерди ачык колдобогон учурга кайтууда. Льюис басылма ар дайым өзүнүн көз карандысыздыгын жогору коюп келгенин эскертти.

Алгачкы жолу 1952-жылы The Washington Post президенттикке республикачылардын талапкери Дуайт Эйзенхауэрди колдоп чыккан. Кийинкисинде – 1976-жылы демократ Жимми Картердин таламын талашкан. Ошондон бери президенттик шайлоо сайын кайсы бир талапкерди жактап келген. Акыркы шайлоодо азыркы президент Жо Байденди колдоп чыккан.
Гезиттин ошол эле санында басылмадагы штаттык колумнисттердин биринин пикири да жарыяланды. Ал редакция жетекчилигинин президенттикке талапкерлерди колдоодон баш тартуу чечимин “өтө чоң катачылык” деп атады. Колумнисттер Трамптын атаандашын колдоодон баш тартууну басылманын баштапкы принциптеринен кетүүсү деп аташты. Басылманын белдүү кызматкерлеринин бири Роберт Кейган бул чечимге нааразылык билдирип, жумуштан кеткени кабарланды.


2016-2020-жылдардагы президенттик шайлоодо гезит Трампты авторитардык тенденциялары үчүн айыптап, анын атаандаштарын колдогон.

АКШ президентин шайлоо 5-ноябрда өтөт. Мамлекет башчылыгына республикачылардан экс-президент Дональд Трамп, ал эми демократтардан азыркы вице-президент Камала Харрис катышат.

Шерине

XS
SM
MD
LG