Грузияда парламенттик шайлоо өтүүдө

Грузиядагы шайлоо.

Грузияда өлкөнүн келечегин аныктайт деп мүнөздөлүп жаткан парламенттик шайлоо башталды.

Шайлоого жалпы 18 партия катышып жатат. Алардын көбү 5% босого чектен өтө албайт деп божомолдонуп, негизги тиреш азыр бийликте турган “Грузин кыялы” менен бир нече партиядан түзүлгөн оппозициянын ортосунда жүрөрү айтылууда.

“Грузин кыялы” шайлоочуларды тынчтык менен согуштун ортосунда тандоо жасоого чакырып жатат. Алар оппозиция "тышкы күчтөрдүн көрсөтмөсү менен Грузияны буруп кетүүгө аракет кылып жатканын" айтышууда. Партиянын бул шайлоодогу негизги чакырыгы “Тынчтык, улуттук иденттүүлүк, салттуу баалуулуктар жана экономиканын өнүгүүсү үчүн” болууда.

Оппозиция Грузиянын азыркы бийлигин “өлкөнү эл аралык изоляцияга түртүп жатканы жана Кремлге ыктаган саясаты үчүн” айыптап жатат. Оппозиция “элге кам көрүү, коррупцияга каршы күрөш, Евробиримдикке жана НАТОго мүчө болуу, өлкөнүн Орусиянын таасиринде калуусуна жол бербөө” деген максаттарын жарыялап жатат.

Шайлоо алдындагы сурамжылоолорго караганда “Грузин кыялы” партиясы кайра утат деп күтүлүп жатат. Бирок анын добуштары 34-60% болуп, парламенттеги көпчүлүк мандатты колдон чыгарышы мүмкүн экени божомолдонууда.

Саат 8ге карата Грузияда 3 миң 111 шайлоо участкасы ачылды, анын 67си чет өлкөлөрдө. Алардын 89 пайызында автоматтык эсептегич урналар жайгаштырылган. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы ушул эле күнү түнкү 11ге карап чыгары күтүлүүдө.

Дагы караңыз

Баткен окуясында курман болгондор эскерилдиОрусиянын миграция борборун Кыргызстанда ачуу сунушталдыБоом капчыгайында унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет Bloomberg Түндүк Корея Орусияга аскерлеринин экинчи партиясын жөнөтөрүн жазды