Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:29

Bloomberg Түндүк Корея Орусияга аскерлеринин экинчи партиясын жөнөтөрүн жазды


Орусия президенти Владимир Путин жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын.
Орусия президенти Владимир Путин жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын.

Түндүк Корея Орусияга аскерлеринин экинчи партиясын жөнөтүүгө даярдык көрүүдө. Бул тууралуу жуманын кечинде Bloomberg басылмасы Түштүк Кореянын чалгын кызматынын документине таянып жазды.

Ага ылайык, Түндүк Корея Орусияга жалпы 10 миң аскер жөнөтүүнү пландаган жана алардын бир жарым миңи буга чейин жөнөтүлгөн.

Документте өткөн жылдын августунан бери Түндүк Корея Орусияга 8 миллиондун тегерегиндеги снаряд, 100 ракета жана танктарга каршы курал-жарактарды бергени көрсөтүлгөн.

Мунун алдында The Times Түндүк Корея Орусияга жыл сайын үч миллион снаряд жеткирип жатканын жазган. Bloomberg Түштүк Кореянын чалгын кызматынын бүтүмү боюнча көз карандысыз текшерүүгө мүмкүн болбогонун, Сеулдун Тышкы иштер министрлиги бул маалымат боюнча комментарий бере электигин жазды.

Басылма Түштүк Корея НАТО өкүлдөрүнүн дүйшөмбүдөгү жыйынында чалгын маалыматтарынын бир бөлүгүн бөлүшө турганын маалымдады.

Буга чейин АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Түндүк Корея Орусияга аскер жөнөткөнү анык экенин билдирген. 23-октябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал түндүк кореялык аскер кызматкерлери Орусияга барганы тууралуу далилдер бар экенин айтып, муну Пхеньяндын Москвага курал-жарак жөнөткөндөн кийинки кадамы деп атаган.

Bloomberg Орусия түндүк кореялыктар өлкөнүн чыгыш аймагынын жашоочуларына окшош көрүнүшү үчүн аларга аскердик форма жана курал-жарак менен камсыздап, жасалма документтерди берүүнү көздөп жатканын жазды.

24-октябрда орус президенти Владимир Путин Казан шаарында БРИКС саммитинин жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда NBC News журналистинин спутниктен тартылган сүрөттөр Орусияда түндүк кореялык аскерлер жүргөнүн көрсөтүп жатканы тууралуу суроосуна жооп берип, андай ыктымалдыкты четке каккан жок.

Путин бул күнү Мамлекеттик Дума Түндүк Корея менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимди ратификациялаганын да кошумчалады. Бул келишимде эки өлкө бирине бири аскердик жана башка жардам көрсөтө алары жазылган.

Financial Times эксперттерге таянып билдиргендей, Кытай Орусияга аскердик жардам көрсөтүп жатканы үчүн Түндүк Кореяга нааразылыгын билдирген. Кытайдын президенти Си Цзинпин Түндүк Кореянын лидерине жолдогон акыркы катында ал жетектеген өлкөгө карата салтка айланып калган “дос кошуна өлкө” сөзүн колдонгон эмес.

Түндүк Корея менен Орусия стратегиялык кызматташтык жөнүндө келишимге кол койгондон бир айдан кийин, июлда Корей согушунун аяктаган күнүнө арналган иш-чарага кытай элчиси барган эмес. Эксперттер Кытай “Орусия Түндүк Кореянын өзөктүк дараметин күчөтүүгө жардамдашат” деп чочулап жатышканын белгилеген.

Шерине

XS
SM
MD
LG