Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:27

Баткен окуясында курман болгондор эскерилди


Баткен окуясында курма болгондорду эскерүү иш-чарасы. 26-октбярь 2024-жыл
Баткен окуясында курма болгондорду эскерүү иш-чарасы. 26-октбярь 2024-жыл

Баткен шаарында 1999-2000-жылдардагы окуяларда аскердик милдетин аткарып жатып курман болгон жоокерлерди эскерүүгө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, коогалаңдын катышуучулары, маркумдардын үй-бүлөлөрү жана шаар тургундары катышты.

Эстеликке гүлчамбар коюлуп, куран окулуп, каза болгондордун эрдиктери баа жеткис экени белгиленди.

Быйыл Баткен окуясынын катталганына 25 жыл болду.

"Өзбекстан ислам кыймылынын" (ӨИК) террордук согушкерлери менен Кыргызстандын аскерлеринин 1999-2000-жылдардагы кагылышуусу «Баткен согушу», «Баткен окуясы», «Баткен коогалаңы» деген аталыштар менен тарыхта калды.

Баткен облустук бийлиги 1999-2000-жылдардагы куралуу кагылышта жалпысынан 76 адам курман болуп, анын ичинен 46 аскер кызматкери экенин, 100дөн ашыгы жараат алганын билдирди.

Бул окуядан кийин аймактын стратегиялык жана социалдык-экономикалык мааниси эске алынып, 1999-жылы 13-октябрда Баткен облусун түзүү жөнүндөгү мыйзамга кол коюлган. (JsA)

XS
SM
MD
LG