Боом капчыгайында унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

Боом капчыгайы. Архив.

28-октябрдан баштап 15-ноябрга чейин Боом капчыгайындагы жол маал-маалы менен жабылып турат. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдиргендей, бул убакта таш кулатуу иштери жүрөрүн маалымдады.

Бул күндөрү жол коопсуздук кызматкери кезек күткөн унаалар 30-40ка жеткенде улам жолду ачып турат. Мындай чектөө саат 9:00дөн 15:00гө чейин киргизилет.

Бул иштер сел кырсыгын жана таштардын кулашын алдын алуу үчүн жүрүп жатканы маалымдалды.

Боом капчыгайында кооптуу таштарды кулатуу жана аларды тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн жылына бир нече жолу унаалардын кыймылына чектөө киргизилип турат.

Дагы караңыз

Bloomberg Түндүк Корея Орусияга аскерлеринин экинчи партиясын жөнөтөрүн жаздыИзраил Ирандын аймагына абадан сокку урдуКыргызстандын АКШдагы жана Өзбекстандагы элчилери кызматтан бошотулдуБеларуста Украинанын жанына салына баштаган базанын курулушу токтоп турат