Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:20

Кыргызстандын АКШдагы жана Өзбекстандагы элчилери кызматтан бошотулду


Бактыбек Аманбаев жана Муса Жаманбаев.
Бактыбек Аманбаев жана Муса Жаманбаев.

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев менен Өзбекстандагы элчи Муса Жаманбаев кызматтан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 25-октябрда мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

Бактыбек Аманбаев бул кызматка 2021-жылы апрелде дайындалган. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясынан талапкер болгон. Ошол жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин 2021-жылы февралга чейин өкмөттүн аппаратын жетектеген. 2013-2015-жылдары Кыргызстандын акыйкатчысы болуп иштеген.

Муса Жаманбаев 2022-жылдын апрелинен бери Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматын ээлеп турду. Ага чейин президенттик администрациянын Протокол кызматынын жетекчиси болгон.

Азырынча Вашингтонго жана Ташкентке элчи болуп кимдер дайындалары белгисиз.

XS
SM
MD
LG