Тугунбулак жана Ташбулак. Борбор Азиядагы белгисиз шаарлар

Тугунбулак шаары жайгашкан жер. Июнь, 2022-жыл

21-27-октябрь аралыгында дүйнөлүк басма сөзгө жарыяланган айрым баяндарга сереп.

"Кыргызстан орус атайын кызматына "жок" деп айта албайт"

“Америка авазы” (VOA) радиосу 22-октябрда Борбор Азияга башкалка издеп барган орусиялык активисттердин тагдыры тууралуу материал жарыялады. Өкмөткө каршы нааразылык акциясына чыкканы үчүн Кремл артынан сая түшкөн кишилердин бири – Лев Скорякин согуш башталгандан кийин Кыргызстанга чыгып кеткен.

Лев Скорякин

"Борбор Азияга эмиграциялаган орусиялык диссиденттер абдан этият болууга, коопсуздук эрежелерин сактоого тийиш. Бишкекте адамды жүзүнөн тааныган камералар иштеп жатканын эстен чыгарбагыла", - деп айтат былтыр июнда орус бийлигинин өтүнүчү менен кармалып, октябрда Кыргызстандан мекенине экстрадицияланган Скорякин.

Активист Орусиянын түрмөсүндө 3 ай отуруп, быйыл жыл башында Германияга эмиграциялаган. VOA менен маектешкенде кыргыз бийлиги аны адамды жүзүнөн тааныган технологиялардын жардамы менен тапканын боолголойт.

Макалада айтылгандай, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги январда былтыркы жылдын аягына чейин ошондой системанын көмөгү менен 800дөн ашуун кишини камаганын, көбү кылмышкерлер экенин, арасында Интерполдун издөөсүндөгү 100 киши болгонун билдирген.

“2022-жылдан бери Скорякиндей болуп согушка каршы позициядагы көптөгөн активисттер куугунтуктан качып, Кыргызстан менен Казакстанга агылган. Бирок бир катар кармоолор менен экстрадиция учурларынан кийин диссиденттер өздөрүн коопсуз сезбей калышты”, - деп жазган автор алар негизинен армияга жарамдуу курактагы эркектер болгонун тактайт. Маалыматка караганда, 2022-жылы Казакстанга 400 миң, Кыргызстанга 445 миңдей орус жараны келген. Скорякиндей болуп алардын көбү Борбор Азияны Батышка карай жолдогу транзит өлкө катары пайдаланчу.

Кыргызстанда жүргөндө активист Германияга кетүү үчүн кагаздарын тапшырган экен.

Андан ары адегенде кыргыз бийлиги орусиялык мигранттардын келишин кубаттап, президент Садыр Жапаровдун New York Times гезитине “алардын зыянга караганда пайдасы көп” деп айтканы эске салынат.

Арийне Москва бул көз карашты бөлүшпөй, орусиялык диссиденттерди өткөрүп алуу чараларын көрө баштаган. Кыргыз маалымат каражаттары Кремлди сындаган 4 киши кармалып, орус бийлигине өткөрүлгөнүн жазышкан. Казакстан да бир нече кишини экстрадициялап, айрымдарынын иштери азыркыга чейин каралууда.

Андан тышкары, макалада айтылгандай, орусиялык активисттердин убактылуу жашоо макамы, жарандыгы, миграциялык каттоосу, визалары, мүлкүнө тиешелүү маалымат бөлүшүүгө жол ачкан келишимдерге кол коюлган.

Автор Жогорку Кеңештин эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы Жанарбек Акаевдин пикирине орун берген. Анын айтымында, орусиялык саясий мигранттардын Кыргызстандан оолак болуусу оң, эмне дегенде ал өлкөнүн атайын кызматтары кайрылса, коопсуздук органдары “жок” деп жооп бере албайт.

“Америка авазынын” кабарчысы Кыргызстандагы адам укуктарынын коргоочуну сөзгө тартканда ал “орусиялык диссиденттерге жасалган мамиле үчүн сын айтуу” кыргыз бийлиги менен маселеге алып келиши мүмкүн экенин айтты.

Автор орус өкмөтүнүн өз диссиденттерине каршы аракеттеринен майнап чыкты деген тыянакка келет. Себеби 2024-жылдын башынан бери жүздөгөн активистке Орусиядан качууга жардам берген “Ыкчам аракеттенүү тобу” деген бейөкмөт уюм аларды Казакстан менен Кыргызстанга жөнөтүүнү токтотту.

Иран, Азия, Африкага чейин согушкан түндүк кореялык аскерлер

Орусия Украинага каршы согушка түндүк кореялык аскерлерди салууда деген кабарлар бир нече жумадан бери айтылып келатат. Азырынча аны бышыктаган так маалымат жок. Буга байланыштуу "Би-Би-Си" Пхеньян айтылып жаткан санда болбосо да, аскерлерин өлкө сыртындагы жаңжалдарга жөнөткөнүн жазып, ошол согуштарды тизмектеп чыкты.

Түндүк кореялык аскерлер. Иллюстрация

Биринчи жолу коммунисттик Корея 1960-жылдары чет жактагы урушка кийлигишкен. Вьетнам согушу көп жагынан Корей жарым аралындагы урушка окшош болчу. Түндүк Корея аны утуп, Вьетнамга АКШга каршы күрөшүүгө жардам берүүгө даяр турган.

1966-жылдын октябрында бийликтеги “Кореянын жумушчу партиясы” Ханойго аскердик жардам берүүнү чечип, курал-жарак, ок-дары жана 2 миллиондой комплект униформа жиберген. Башкалааны коргоого Пхеньян СССРден алган МиГ учактары тартылган. "Би-Би-Си" жазгандай, ошондо учактар менен “кайсы бир мамлекет” камсыздаганы айтылып келген. 1996-жылы эле Пентагон Вьетнам аларды Пхеньяндан алганын аныктаган. Муну менен катар түндүк кореялык 200дөй учкуч Ханойдун тарабында согушкан.

Түндүк Корея Элдик демократиялык жумурияттын түптөөчүсү Ким Ир Сен Израилди “империянын жандоочусу” деп атап, 1960-жылдардан бери жөөт мамлекетинин душмандарына колдоо көргөзүп келген. Пхеньян Египет жана Сирия менен расмий, ал эми Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму, түрдүү согушкер топтору менен бейрасмий кызматташчу жана аларды машыктырып келген.

Бирок түндүк кореялык аскерлер арабдар менен Израилдин жаңжалына 1973-жылы гана тикелей катышкан.

1972-жылдын жайында Египеттин президенти Анвар Садат коммунисттик Кореядан аскердик кеңешчилерди чакырган. Аба күчтөрүнүн ошол кездеги командачысы Хосни Мубарак Советтер Союзунан алынган система жана истребителдерди алар гана жакшы башкара алат деп саначу.

Бардыгы болуп Пхеньян советтик зениттик-ракета комплекстерин тейлөө үчүн Египетке бир жарым миң адисти, андан тышкары 20 тажрыйбалуу учкучту жиберген.

Макалада андан ары түндүк кореялык аскерлердин Иран-Ирак согушуна тартылганы баяндалат. Ислам революциясынан кийин Ким Ир Сен Тегеран менен мамилелерди жакшыртууга аракеттенген. АКШ Иранга каршы санкция салып, ирактык армия өлкөгө кирип келгенден кийин курал эмбаргосун күчөткөн.

Пхеньян санкцияларды бузуп, Ислам жумуриятына курал, ракетадан атуучу жабдыктар жөнөтүлүп, 100 чакты жоокер бет алган. Согуш аяктагандан кийин да тараптардын аскердик кызматташтыгы уланган.

Түндүк кореялык аскерлердин изин Африкадан да тапса болот. «Кансыз согуш» учурунда ал өлкөнүн аскердик кеңешчилери Батыш Сахарадагы козголоңчуларга жардамдашып, Ангола жана Намибиядагы жикчилдерди машыктырып жүргөн.

1970-жылдары Экваториалдык Гвинеянын жана Уганданын диктаторлору менен жакшы мамиле курууга жетишкен. Түндүк кореялыктар атүгүл Уганда президентинин жан сакчылары арасында бар болчу. Ортодогу кызматташтык санкцияларга карабай улантылып, 2007-жылы эки өлкө Уганда армиясы үчүн пилотторду жана техникалык кызматкерлерди даярдоо тууралуу келишимге кол койгон.

Ал эми Экваториалдык Гвинеянын мамлекет башчысы бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Түндүк Кореяга качкан.

Тугунбулак менен Ташбулак. Борбор Азиянын Орто кылымдагы белгисиз шаарлары

Өзбекстанда, Жибек жолунун таманында археологдор эки байыркы шаарды табышты.

“Өзбекстандын тоолорундагы базарда соодагерлер Кытайдан келген жибек кездемелерди, ажыдаар түрүндөгү нефрит тумарларды, мылтыктын дарысы салынган чопо карапаларды кардарларга сунуш кылып жатышат. Имамдар менен кечилдер шашпай эки жакка басып жүрүшөт. Аба чайдын, калемпир менен мускат жаңгагынын жыпар жытына толуп, шамал болот эриткен устаканалардан чыккан түтүндү туш-тушка айдап жатат”.

Тугунбулак шаарындагы казуулар

Deutsche Welle табылгага арналган макаласында миң жыл мурун тоонун башындагы бул эки калаада жашагандардын күнүмдүк турмушун ушинтип сүрөттөйт.

Nature басылмасында 23-октябрда жарыяланган изилдөөгө ылайык, деңиз деңгээлинен эки километр жогору орун алган Тугунбулак жана Ташбулак деген калаалар Жибек жолундагы маанилүү борбор болгон жана VI-XI-кылымдарда гүлдөп-өскөн.

Дрондорго жайгаштырылган сканирлөөчү жабдык тарткан сүрөттөрдө калк жашаган чоң конуштарды, аянттар менен турак жайларды, айланасында мунаралар менен чептерди көрүүгө болот.

Окумуштуулар тоонун койнундагы шаарлар орто кылымда батыш менен чыгышты байланыштырган соода жолунда товар жана билим алмашууда мурда айтылып келгенден да чоң роль ойногон деп болжолдошот.

Макала автору Тугунбулак менен Ташбулак кантип табылганынын чоо-жайына токтолгон. Маалыматка ылайык, америкалык жана өзбекстандык изилдөөчүлөр жакында аныкталган археологиялык эстеликтерди картага түшүрүү үчүн LiDAR деген жабдыкты колдонушкан. Анын жардамы менен Ташбулак 12 гектар, 5 чакырым алыс жердеги Тугунбулак 120 гектарды ээлегени эсептелип чыкты. Изилдөөнүн авторлору акыркысы Орто кылымдын алгачкы жылдарында Борбор Азияда эң чоң калаалардан болчу деп санашат.

Тугунбулактагы алдын ала казуулар көрсөткөндөй, ал жактагы чеп сыягы темир рудадан болот чыгарган фабрика болчу.

"Токойдун жакындыгы шаар айлананы отун менен да камсыздаганын болжолдоого негиз берет", - деп айтылат макалада.