Беларуста Украинанын жанына салына баштаган базанын курулушу токтоп турат

Мурдагы лагердин жери.

Беларуста Украинага кол салуу үчүн колдонулушу ыктымал экендиги айтылып жаткан жаңы аскердик жайдын курулушу дээрлик токтоп турганын бүгүн 25-октябрда «Азаттыктын» беларус кызматы жазды.

База Беларустун Украина менен чек арасынан 40 чакырым аралыкта, Гомель облусундагы советтик учурда курулган «Чайка» балдардын эс алуу лагеринин ордуна курулары кабарланган.

Журналисттер курулуш токтоп турганын спутниктен тартылган сүрөттөргө таянып жазышты.

Өкмөттүн планына ылайык, аталган долбоор мамлекеттик инвестициялык программа аркылуу каржыланып, 2027-жылы жыйынтыкталмак.

Жыл башында ал жерде курулуш техникасы топтоло баштаган, жергиликтүү тургундар курулуш иштери да башталганын айтып беришкен.

10-октябрдагы сүрөттөр көрсөтүп тургандай, мурдагы лагердин ордунда эч кандай жаңы курулуш пайда болгон жок.

Орусия 2022-жылы февралда Украинага кол салганда Беларусту плацдарм катары колдонгон. Минск өз аскерлерин бул согушка аралаштырбаганын айтууда. (RK)

Дагы караңыз

Киев Түндүк Кореянын аскерлери Курскиге келгенин билдирдиЗеленский Орусия Түндүк Кореянын аскерлерин бир нече күн ичинде согушка саларын эскерттиReuters: Суданда кыйраган учакта Бут менен байланышы бар ишкер да болгонАжырашкан аялына өчөшүп, баланы курал туткан аталар