Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:30

Зеленский Орусия Түндүк Кореянын аскерлерин бир нече күн ичинде согушка саларын эскертти


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украина президенти Түндүк Кореядан Орусияга жеткирилген аскер кызматкерлери согуш талаасына 27-октябрда чыгарыла баштай турганын эскертти. Владимир Зеленский бул тууралуу 25-октябрда X социалдык түйүнүнө жазып, орус бийлигинин мындай кадамын “Орусиянын ачыктан ачык эскалациясы” деп атады.

Батыштагы союздаштарын Москвага жана Пхеньянга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мыйзамдарын сактоого мажбурлоо үчүн жетиштүүдөй таасир этүүгө чакырган украин президенти түндүк кореялык аскерлер 27-28-октябрда согушка салына баштай турганы жөнүндө чалгын маалыматы бар экенин айтты.

“Дүйнө Орусиянын “согушту улантуу” деген чыныгы ниетин ачык көрүп турат. Ошондуктан дүйнө лидерлеринин принципиалдуу жана чечкиндүү жообу абдан маанилүү”, - деди Зеленский.

Орусиянын Украина менен чектеш тилкесиндеги Курск облусунун айрым айыл-кыштактарын азыркы тапта украин аскерлери ээлеп турат. Киев бул операциясынын негизги максаты өз жерин Орусиянын чабуулдарынан коргоо үчүн “буфердик зона” түзүү, согуш жана жоготуу деген эмне экенин орус тарапка да жеткирүү экенин белгилеген.

Украинанын Аскердик чалгын кызматы түндүк кореялык аскерлердин алгачкы бөлүктөрү Орусиянын Курск облусуна жайгаштырылганын 24-октябрда маалымдаган.

Кошмо Штаттар Түндүк Корея Орусияга 3 миң аскерин жөнөткөнүн билдирген жана Москвага согушууга түздөн-түз жардам көрсөтүп жатканы үчүн Пхеньян тийиштүү кесепеттерге кабылышы ыктымал экенин эскерткен.

Орусиянын президенти Владимир Путин Түндүк Корея менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим бар экенин белгилеп, “эмне кылсак да өзүбүз билебиз” деп 24-октябрда аталган өлкөнүн аскерлери Орусияга барганы тууралуу суроого жооп берип жатып айткан. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG