"Автокырсык уюштуруп коебуз". Уйгур активисттердин кооптуу жашоосу

Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин өкүлү Зумретай Аркин

Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин (WUC) Босния жана Герцеговинада өтө турган үч жылдык жыйынынын алдында анын катышуучулары ар кандай басым-кысым, куугунтукка кабылып жатат. Бул тууралуу анын уюштуруучулары айтып, муну конференциянын үзгүлтүккө учуратуу аракети катары сыпатташууда.

“Биздин башкы ассамблея Сараеводо өтөт деп июнь айында жарыялангандан бери көптөгөн коркутууларга, анын ичинде биздин мүчөлөргө жана талапкерлерге каршы каралоо кампанияларына кабылдык. Алар конгресстин жогорку даражалуу кызматтарына аттанып жатышкан”, - дейт Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин өкүлү Зумретай Аркин “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна курган маегинде.

Уйгурлардын дүйнөлүк конгресси Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш, Европа жана Түндүк Американын 25 тей өлкөсүндөгү уйгур диаспораларынан турат.

Аркиндин айтуусуна караганда, 24-27-октябрь күндөрү өтө турган жыйынды утурлай уюм хакердик чабуулдарга, ал эми Конгресстин мүчөлөрү жана алардын үй-бүлө, жакындары ар кандай коркутуп-үркүтүүлөргө кабылган. Аркин мунун баары Сараеводо өтчү башкы ассамблеяны үзгүлтүккө учуратууга багытталганын айтат.

Ал кошумчалагандай, 21-октябрда конгресс мүчөсүнүн электрондук почтасы талкаланып, белгисиз хакерлер ал жактан каттоодон өткөн баардык катышуучуларга, анын ичинде чет өлкөлүк мыйзам чыгаруучуларга жана делегаттарга, уюмдун жетекчилигине шайланууга аттанып жаткандарга иш-чара жылып калганы тууралуу жалган маалымат жөнөтүшкөн.

WUC жасалма электрондук каттардын көчүрмөсүн социалдык тармактардагы аккаунттарына жайгаштырып, маалымат жалган экени жарыялашкан.

“Алар документти жасаш үчүн керек болсо биздин мурдагы президенттин кол тамгасын да колдонушкан. Биз ошондой эле кытайлык аккаунттардан жана боттордон жапырт спам-кабарларды алдык”,- деди Аркин.

Баш кеңсеси Германияда жайгашкан Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессине бозгундагы уйгурлар кирет. Алар Кытайда калган уйгурлардын укуктары үчүн күрөшөт.

Коркутуу жана куугунтуктоо

Уйгурлар жана башка Кытайдагы мусулман азчылыктары, анын ичинде этностук казактар жана кыргыздардын укуктары үчүн күрөш буга чейин эле жүрүп келген. Муну менен укук коргоо топтору Кытайдын түндүк-батыш тарабында жайгашкан Шинжаң провинциясындагы адам укуктарынын болуп көрбөгөндөй басмырланышы тууралуу маалыматтарды дүйнөгө жеткирүүнү көздөйт.

Айрым эл аралык уюмдар, укук коргоо топтору жана Батыш мамлекеттеринин парламенттери Бээжинди аймактагы геноцид үчүн айыптап келишет. Ошол эле маалда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча Жогорку комиссариаты 2022-жылкы иликтөө Шинжаңда “адам укуктары одоно бузулушунун” далилдерин тапканын билдирген.

Дагы караңыз "Шинжаңда кыргыз, казак, уйгурларды мажбурлап кытайлаштыруу жүрүүдө"

Кытай бийлиги ошондой эле уйгурларды күчтөп ишке салуу, алардын төрөтүн көзөмөлдөө, маданий жана диний иденттүүлүгүн жоготуу, ата-эне менен балдарды бири-биринен ажыратканы үчүн айыпталып жатат. Бээжин бул маалыматтарды четке кагып келет.

Аркин белгилегендей, Кытайдын Сараеводогу элчилиги да жыйынды үзгүлтүккө учуратууга басым жасаган. Ал эми дипломатиялык мекеменинин кызматкерлери “иш-чара өткөрүлбөш керектигин” айтып, керек болсо "авто кырсык уюштурабыз" деп коркутушкан.

Алтургай, элчиликтин өкүлдөрү Босниянын тартип коргоо органдарына конгресстин айрым мүчөлөрүн, анын ичинде мурдагы президенти, Германиянын жараны Долкун Исаны каматып саларын айтышканын Аркин кошумчалады.

Кытайдын Сараеводогу элчилиги “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун комментарий берүү тууралуу кайрылуусуна жооп берген жок.

Босния жана Герцоговина менен Кытайдын ортосунда бири-биринин жарандарын экстрадициялоо тууралуу келишим бар. Аркиндин айтымында, бул маселе конгресстин айрым мүчөлөрүн тынчсыздантууда. Бирок азырынча Сараевого баргандардын эч кимиси жергиликтүү бийликтин басым-кысымына туш боло элек.

Кытай аткаминерлери Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин жыйынын үзгүлтүккө учуратууга буга чейин да аракет кылышканы белгилүү.

Дагы караңыз Шинжаң: Кыз-келиндин талкаланган тагдыры

Прагада 2021-жылы уюштурулган башкы ассемблеянын алдында "Мариот" отели "саясий нейтралитетти" шылтоолоп ага чейин пландалган жыйынды өткөрүүдөн баш тарткан. Бул тууралуу америкалык Axios жаңылыктар агенттигинин журналисттери колуна тийген электрондук катка таянып жазышкан.

Уйгурлардын дүйнөлүк конгресси бул жолу жыйын өткөрүү үчүн Босниянын борборун тандап алышы да жөн жеринен эмес.

Алар бул өлкөдө 1990-жылдардагы Югославия чачырагандан кийинки согушта адам укуктары одоно бузулганын эске алышкан.

“Босния геноциддин күбөсү болуп калды. Тарыхыбыз түздөн-түз окшош болбосо да жырткычтык, адамзатка каршы кылмыштар болгону, эл аралык сот адилеттүүлүгү, жоопкерчиликке тартуу аракети жагынан кандайдыр бир окшоштуктар бар”, - дейт Аркин.

Макаланын автору: Predrag Zvijerac
Которгон: Элиза Кененбаева