Пакистанда талибдердин кол салуусунан 10 полиция кызматкери каза болду

Пакистан. Архивдик сүрөт.

Пакистанда чек ара полициясынын он мүчөсү топтошкон адамдардын куралдуу кол салуусунан набыт кетти. Бул тууралуу бүгүн 25-октябрда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун жергиликтүү кызматына өлкөнүн коопсуздук мекемесинен билдиришти.

Окуя Пакистандын түндүк-батышында, Ооганстан менен чектеш тилкесинде болгону, каза тапкандардан тышкары үч киши жараат алганы кабарланды.

Хайбер-Пахтунхва провинциясынын башкы министри Али Амин Хан Гандапур кол салуу болгонун тастыктады, бирок курмандыктар боюнча так маалымат берген жок.

Чабуул үчүн жоопкерчиликти "Пакистан Талибан" радикал тобу алды. 2010-жылы АКШ бул топту террордук бирикме деп жарыялаган.

Пакистан азыркы тапта оор экономикалык кризисти башынан өткөрүүдө, жергиликтүү талибдердин ар кандай кол салууларынан улам коопсуздук боюнча да коркунуч күч.

Калкынын басымдуу бөлүгүн пуштундар түзгөн, Ооганстан менен чектеш тилкеде жайгашкан Хайбер-Пахтунхва провинциясы Пакистандын эң кооптуу, тынч эмес аймагы. (RK)

Дагы караңыз

Таласта келинди уул-кызы менен сүзгөн айдоочу 23-декабрга чейин камакка алындыReuters: Суданда кыйраган учакта Бут менен байланышы бар ишкер да болгонАбактагы Төрөкулова айып изоляторуна эмнеге камалды?Молдова орусиячыл олигарх добуш сатып алууга 39 млн доллар которгонун билдирди