Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

Таласта келинди уул-кызы менен сүзгөн айдоочу 23-декабрга чейин камакка алынды


Таластагы жол кырсыгы болгон жерден тартылган сүрөт
Таластагы жол кырсыгы болгон жерден тартылган сүрөт

Таласта үч адам каза болгон жол кырсыгына шектүү айдоочунун бөгөт чарасы 25-октябрда каралып, ал 23-декабрга чейин камакка алынды.

Бул тууралуу "Азатык" радиосунун Талас облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.

23-октябрда Талас шаарындагы №4 мектептин жанында ак түстөгү автоунаа каршы тилкеге чыгып, жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен.

Кырсык тартылган видеодон өз жолу менен уул-кызын жетелеп көчөдөн өтүп бараткан келинди, анын эки баласын коюп кеткенден кийин бул автоунаа дагы үч жеңил машинеге барып урунганын көрүүгө болот.

Талас облустук ооруканасы кырсыктан каза тапкан 31 жаштагы келин жана анын алты жашар кызы, төрт жашар уулунун сөөгү мейитканага (морг) түшкөнүн билдирген.

Кырсыкка шектүү катары 29 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоодогу коопсуздук эрежелерин бузуу”) боюнча айып тагылган.

Расмий маалымат боюнча быйыл январь-июнь айларында Кыргызстанда 3 059 автокырсык катталган. Андан жалпы 280 адам каза таап, 4 464 киши жараат алган. (MKt)

XS
SM
MD
LG