Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова 24-октябрда парламентте сүйлөп жатып, добуш сатып алууга каршы атайын ыкма иштелип чыкканын айтты.
Айрымдар мындай жол аркылуу шайлоого катышуу жакшырат дегенден күмөн санашууда. Аймактык реформанын негизинде Кыргызстанда айыл-кыштактар ирилешип, жергиликтүү кеңештер мөөнөтүнөн мурда тарап, кайра шайлоо өтүп жатат.
БШКнын маалыматы
Жогорку Кеңеш 24-октябрдагы жыйынында БШКнын 2023-жылдагы иши тууралуу маалыматын укту. Анда мекеменин төрайымы Нуржан Шайлдабекова 17-октябрдагы жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоодо аралыктан добуш берүү ыкмасы биринчи жолу колдонуларын билдирди.
Добуш берүү күнү Бишкекте төрт, ал эми ар бир облустун борборунда бирден добушканалар ачыла турганын белгиледи. Шайлдабекова жаңы ыкма менен добуш берүүнү каалагандар алдын ала арыз менен кайрылышы керектигин түшүндүрдү.
"Бул шайлоо жараянын жеткиликтүү кылуу максатында киргизилди. Эгерде 17-ноябрда шайлоочу өзүнүн туруктуу каттоосу бар жерде добуш берүүгө катыша албаса, анда 1-ноябрга чейин арыз тапшырып, аралыктан добуш берүү участкасына жазылса болот. Бардык шайлоо тилкелеринде аралыктан добуш берүүгө арыздар кабыл алынат. Биз кошумча он добушкана ачтык, алар билим берүү мекемелеринде болот. Облустарда Калкты тейлөө борборлорунда да арыздар кабыл алынат. Аралыктан добуш берүү үчүн келген шайлоочу идентификациядан өтөт. Биздин жаңы жабдуулар ал жаранга бюллетень басып чыгарып берет. Аралыктан добуш берген шайлоочу өз округундагы бюллетенди алат. Кадимкидей эле тартипте добуш берет. Системалык администраторлор ар бир аймактык шайлоо комиссиясы боюнча өз-өзүнчө жыйынтык чыгарат", - деди Шайлдабекова.
Дагы караңыз "Ата-Журт" саясий жарышка катышпайт. Шайлоолордо бийликчил талапкер болбойбу?Депутаттардын сыны
Парламент жыйынында депутат Камила Талиева бул ыкманын натыйжалуулугунан күмөн санады. Анын пикиринде, шайлоочулардын жигердүүлүгүн жогорулатуу үчүн башка чаралар да керек.
"Чынында бизде "мен азыр башка жакта элем, шайлоо күнү өз округума добуш бермекмин" деп аралыктан добуш берген участкаларга эч ким барбайт. Бул - утопия. Биздин жарандар аны издеп барбайт, бул болбогон нерсе, механизм катары кагазда эле калат экен. Эл шайлоого барганга кызыкдар эмес. Мына, Бишкектеги шайлоолордо, Жогорку Кеңешке шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 12% гана келип жатпайбы. Кызыктыруучу кандайдыр бир механизмдерди иштеп чыксаңар. Илгери союздун тушунда бул майрам болчу, жармаңкелер уюштурулчу, эл ал жакка барып, шайлоого катышчу. Азыр бизде шайлоого келип добуш берүү маселе болуп жатат. Жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго катышуу өтө начар болуп калабы деп жатам. Укканыбыз боюнча силер округ деген балекеттерди таап, башкача шайлоого барабыз дегениңер тууралуу кептер жүрүп жатат".
Шайлдабекова добуш сатып алууга каршы жол-жобо иштелип чыкканын билдирди. Ага ылайык, партия тизмесиндеги кайсы бир талапкердин добуш сатып алууга тиешеси, катыштыгы аныкталса, ал тизмеден чыгарылат, эгер анын уюштуруу иштерине партия дагы аралашкан болсо ал партия жарыштан четтетилет.
"Добуш сатып алуунун мүнөзүн аныктап, карап чыгышыбыз керек. Эгер партиядан көрсөтүлгөн талапкер добуш сатып алуу менен кармалып, муну жеке өзү уюштурса, ал четтетилүүгө тийиш. Эгер борбордук, катчылык тарабынан, системалуу түрдө жүргүзүлсө, анда партия дагы жоопкерчиликке тартылат".
БШК төрайымы добуш сатып алуу же башка мыйзам бузуулар үчүн шайлоо үзгүлтүккө учурап же жыйынтыгы жокко чыгарылган учурда күнөөлүү адамдын материалдык жоопкерчилигин да кароо зарылдыгын белгиледи. Ал 2021-жылы шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүдөн кийин беш партия квотага ылайык түзүлгөн тизмеден аялдарды чыгарганын мисал келтирди.
"Мурунку эле форма №2"
Буга чейинки шайлоолорго байкоо салган “Жарандык платформа” коомдук фондунун жетекчиси Айнура Усупбекованын пикиринде, жаңы ыкма добуштарды сатып алуу өңдүү мыйзам бузууларга жол ачпашы керек. Ал аймактык реформа тууралуу маалымат толук жетпей калгандыктан жарандардын шайлоого катышуусу солгун болушу мүмкүн деп эсептейт.
"Аралыктан добуш берүүнү мындайча айтканда мурунку эле форма №2 деп койсо болот. Мындай жол-жобо керек деп ойлойм. Бирок сөзсүз түрдө коопсуздук жактарын караш керек. Добуш сатып алууларга бөгөт коюлушу керек. Жарандардын шайлоодон көңүлү калганбы, же кандай, айтор катышуу аябай эле төмөн. Азыр эми аймактык реформадан кийин элге маалымат толук жетпей калды. Эмнеге 400 жергеликтүү кеңештин 200ү эле калды дегенди түшүндүргөн маалымат аз болуп калды деп ойлойм. Негизи жергиликтүү кеңештердин шайлоосу 2025-жылы өтмөк. Шашылыш, мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткандыктан элге толук маалымат жетпей калышы ыктымал. Негизи эл шайлоого барышы үчүн саясий партиялар шайлоо так алдында эмес такай эле активдүү иштешсе болмок, ошондо кызыгуу жаралмак. Партиялар активдүү болбосо, шайлоо алдында эле пайда боло калышса кызык болбойт да. Андан сырткары жаш муун саясатка көп аралашпай калды, алар ошон үчүн дагы активдүү эмес".
Кыргызстанда добуш берүү барган сайын солгундап баратат. Маселен, 2017-жылдагы президенттик шайлоого 56% эл катышса, 2021-жылкысында бул көрсөткүч 39,75% гана түзгөн. 2020-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого шайлоочулардын 56,2%, 2021-жылы 34,93% келген. 2020-жылы 3,5 миллиондой шайлоочу болсо, 2021-жылы ал 3 млн 700 миңге жеткен.
- 2020-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин каттоосу бир жерде, өзү башка аймакта жүргөндөр добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берген №2 форма деген арыз алып салынган. Анда саясий партиялардын мындай форма менен добуш бергендерди жапырт ташыган көрүнүштөр болгон жана бул сынга кабылып, талаш-талкуу жараткан. Маселен, ошол шайлоодо 485 миң киши №2 форма менен добуш берген экен, башкача айтканда бул жалпы шайлоочулардын 15% түзгөн.
Талдоочу Бакыт Жумагулов добуш сатып алгандарга убагында чара көрүлүшү керек деп эсептейт.
"Негизи форма №2 деле шайлоочунун укугун камсыздаган жакшы ыкма болгон. 2010-жылдан кийин шайлоо системасында жакшы реформа болуп, аймактык шайлоо комиссияларындагы добуштарды бурмалоо, шайлоонун жыйынтыгына таасир этүү деген нерсеге толугу менен бөгөт коюлган. 2020-жылдагы шайлоодо акчалуу партиялар, акчалуу талапкерлер өз добуштарын көбөйтөбүз деген ой менен ошондой көрүнүштөргө барган. Бул маселе тууралуу убагында БШК айтып жатты, кийин БШК мүчөлөрү буга байланыштуу суракка дагы барып жүргөн учурлар болду. 2020-жылдагы шайлоодо форма №2ге байланыштуу кимдер жоопкерчиликке тартылды дегени билинбей, айтылбай калды. Эч ким жоопкерчиликке тартылбай калгандан кийин азыр деле ошол көрүнүштөр кайра кайталанбайбы деген кооптонуу жаралды".
17-ноябрда 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо болот. Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү менен өлкө боюнча 56 аймактык жана 2438 участкалык шайлоо комиссиялары ачылат. Буга чейин бийлик башчылары шайлоого кийлигишүү болбой турганын айтып келишкен. Соңку маалыматка ылайык, өлкөдө жалпы шайлоочулардын саны 4 млн 121 миң 44 адамды түзөт.
Былтыр ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов шайлоодо добуш берүүгө катышпай койгон жарандарга айып пул салуу каралган мыйзам долбоорун даярдап коомдук талкууга койгон, бирок көп өтпөй эле кайра толукталып иштелип чыгат деген жүйө менен артка кайтарып алган.